Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Облуста өздөрүн көз каранды эмес атаган эркин маалымат каражаттары көптөн бери обого чыкпай калган. Коммерциялык багыттагы телеишканалар үчүн өзүнчө жыштык алуу тоскоолдугу күчтүү. Андыктан элдин эркин маалымат алуу укугу бузулууда. Мекеме-уюмдардын жетекчилери болбосо, журналисттер үчүн керектүү маалымат алуу мүмкүн эмес. Эркин, жеке менчик жана коммерциялык багыттагы телеишканалардын айланасындагы көйгөйлөр тууралуу макала “Азаттыктын” Жалалабат дубандык кабарчысы тарабынан даярдалган.

сыналгы көрүүчүлөрдүн түрдүү булактардан маалымат алуусу чектелүүдө. Эркин «Сентябрь» сыналгысынын эки айга жакын убакыттан бери көрсөтпөй калганына анын мунарасына байланыштуу сот ишинин Жогорку Сотко жеткен бойдон аягына чыкпай жатканы себептүү. Келишимдик негизде иштеген жеке менчик телеканалдардын айланасында да көйгөйлүү маселе толтура. “Бактынур” аттуу сыналгынын төрайымы Нуркант Койчуманованын айтымында эркин жана жеке менчик телеканалдардын ишине өзүнчө жыштык ажыратылбай, анын баасынын кымбат болуп, обо убакыты берилбегендиги тосколдук кылууда. Облус тургундары күндөлүк окуяларды жергиликтүү сыналгылардан көрө албай калышты. Ошондой эле жергиликтүү журналисттер маалымат алууда бир топ тоскоолодуктарга туш келип, айрыкча мамлекеттик мекеме, уюм жетекчилери калемгерлердин суроосун жоопсуз калтырган учурлар көп кездешет:

- Журналисттер үчүн зарыл маалыматты алууда тоскоолдук көп. Жеке менчик телекомпаниядардын бардыгы Жалалабатта иштебей атабыз. Себеби мурда биз КТРдин каналынан чыкчубуз. Азыркы учурда түнкү канал чыгып калды, андан тышкары КТРдин бизге койгон талабы чоң, эфирдик убакытка дагы акча кошуп коюшкан. Беш мамлекеттик эмес жеке менчик телекомпаниянын азыр бири дагы иштебей турабыз. Жергиликтүү жетекчилер маалымат бергенден коркот.

Областтык бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов коомчулук үчүн маанилүү болгон маалыматты алуу журналисттердин тажрыйбасы менен кесипкөйлүгүнө жараша болот деген ишенимде. Анын айтуусунда азырынча бир да журналисттен бул же тигил жетекчи маалымат бербей койду деген расмий кайрылуу боло элек. Облустук сыналгынын төрайымы Бактыкан Ажымаматова эларалык талаптарга ылайык иштөөгө өткөн УТРКда жоопкерчилик күчөп, жергиликтүү менчик телеканалдар андай талаптарга жооп бербей калгандыгын айтат. Өзүнчө жыштыктын жоктугунан ЖТР сыналгысы да көрүүчүлөргө УТРК аркылуу жетет:

- Акыркы мезгилде алардын ишинин токтоп калышынын себеби, биздин УТРКнын жетекчилиги тарабынан коюлган акыркы стандартка түшүү талабы болуп атат. Жыштыкты ээлегенден кийин ошол эл көрө турган көрсөтүүлөрдү тартуулаш керек. Жыштыкты алыш үчүн жеке менчик телеишканалардын каражаты жетишпейт. Ал эмес облустук телеишканалар өзүнчө жыштыктарды ала албай атат. Айрыкча маалымат коопсуздугу курч Түштүк жергесиндеги облустук телекомпанияларга өзүнчө жыштык бериш керек деген талап коюлган, бул боюнча атайын токтом да чыгарылган. Буюрса ушул жылда облустук телекомпаниялар өзүнчө жыштыкка ээ болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG