Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ө.ТЕКЕБАЕВ: БИЗДЕГИ АКШ БАЗАСЫН ШКУ СЫЯКТУУ УЮМДАР КЫЗГАНЫП КАРАШАТ


Маектешкен Замира Кожобаева Бүгүн Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орунбасары Жордж Кроулдун келиши күтүлүп атат. Ал кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүп, “Манас” аскерий аба майданына да баруусу күтүлүп атканы айтылды. Бул туурасында “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Алгач АКШ-Кыргызстан мамилеси тууралуу кеп кылсак. Айрым саясатчылар Америка Кыргызстанды Орусия менен Кытайдын үстөмдүгүнөн сууруп алуу үчүн аскерий аба базасын кеңейтип атат деп айтып жатышат. Алар ошол эле учурда Ооганстанга бир топ жакын турган Түркмөнстандагы "Мары" аба базасын колдонууга Түркмөн бийлиги уруксат берген учурда Кыргызстанда аскерий аба базасын калтыруу, же кеңейтүү АКШ үчүн кереги жок болчу дешет. Сиз кандай ойлойсуз?

- АКШ ар дайым альтернативалык жолдорду издейт. Кыргызстанда дагы базанын болушу бул бир мамлекеттин бир региондон көз каранды болбогонуна мүмкүнчүлүк берет. Акыркы кездерде Россиянын, анын жетегинде болгон Евроазиялык шериктештик өлкөлөр, ШКУ биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин курчушу байкалып турат. Американын кызыкчылыгы Борборазияда бар. Ал өз кызыкчылыгы үчүн күрөшөрү барыбызга белгилүү. Мына ошол атандаштык акыркы кездерде күчөп бара жатат. Мына ушундай кырдаалда “Манас” аэропортундагы аскердик базанын калышынын мөөнөтүн узарышы же кеңейиши бирөөлөрдү өтө кызыткан окуя болот. Анткени, буга ШКУ уюмуна кирген жана ЕВРАЗЕС уюмунун мүчөлөрү кызгануу менен карайт. Бул турган сөз. Ошондуктан бүгүн биздин өкмөт өтө оор, татаал абалда.

- Бирок сиз билесиз да, Кыргызстанды эки фронтко ойнойт деп айыптаган учурлар көп эле саясатчылардын оозунан айтылып жүрөт. Алар мындай саясат жүргүзүүнүн аркасы көбүнчө жаман болот деп айтып келишет. Сиздин пикириңиз?

- Кичинекей өлкөлөр ар дайым бир чоң өлкөнүн этегине жармашып иш алып барып келген. Ал эми жакшынакай торпок эки эмчектен сүт эмет деген идеяны биздин өлкө Акаевдин убагынан бери пайдаланып келе жатат. Бирок ал кезде дүйнөдө шарт башка эле, баары Американын этегине жыгылып, анын айтканы айткан, дегени дегендей болуп турган. Бирок акыркы кезде Россиянын, Кытайдын экономикасы өнүгүп, алар өзүнүн экономикалык-саясий кызыкчылыгын сезип, ачык айта баштады. Мындай учурда бизге дагы бир багыттуу саясат алып баруу убакыт жеттиби деген ой жаралат. Бул бир пикирдеги принцип эмес. Кыскасы азыр Кыргызстан үчүн бул татаал тапшырма. Биз мындан өз кызыкчылыгыбызды жоготпостон, өз партнерлорбуздан чыгып кетүүнүн жолун издешибиз керек.

- Сиз менен бизге белгилүү, "АКШнын аскерий аба базасынан Кыргызстанга зыяндан башка пайда жок" деп аны алып чыгып кетүү талаптарын да көп коюп, митинг, пикеттер уюштурулуп келатат. Бирок саясатчы катары айтып кетсеңиз, АКШ аскерий аба базасынын өлкөнүн коопсуздугуна зарылчылыгы барбы, пайдасы, геосаясаттан тышкары?

- Базанын Кыргызстанга өзүңүз айткандай биринчи кезекте геосаясий мааниси бар. Экинчи коопсуздук планда албетте бул эгерде тартипти тез аранын ичинде орнотуп, ал жерде стабилдүүлүк ордуна келе турган болсо, ал жердеги нарко өндүрүшүнө катуу тура турган болсо, анда Кыргызстандын коопсуздугуна тиешеси болот. Бирок Ооганстанда абал азыркыга чейин татаал болуп келе жатат. Албетте кимдир бирөө Ооганстан боюнча иш алып барышы керек. Эгерде иш алып барбаса, абал андан да курчуйт. Мындай учурда Орто Азияга таасирин тийгизиши мүмкүн.

- Демек өлкөнүн коопсуздугу үчүн баары бир АКШ базасынын пайдасы бар турбайбы?

- Ооба. Ооган маселеси боюнча Американы Россия бүгүн алмаштырганга шашпайт жана мүмкүнчүлүгү да жок.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG