Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

18:20 Баткенде Ооган согушунда курман болгондорго эстелик орнотулат


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ооган согушунун ардагерлеринин облустук кенешинин төрагасы Мукадас Исаев 19-июнда кабарлады.
Ооган согушунун баатырларына арналып орнотулчу айкелге десант- жоокердин куралды жерге туштап колун асманга көтөрүп турган элеси чегерилет. Скульптор Абдусапа Калматовдун айтымында мындай айкел «жетишет, согушуп бүттүк!» деген элес берет.
Учурда айкелди тургузуу үчүн каражат топтоого банк эсеби ачылган. Ага биринчилерден болуп Баткен облустук жана Баткен райондук акимчиликтери 150 миң сом акча которушту.
Ооган согушунда интернационалдык аскердик милдетин өтөө үчүн Баткен облусунан 600гө жакын жоокер тартылып, алардын жыйырма үчү баатырларча курман болгон. (SA)

XS
SM
MD
LG