Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

18:34 Орусияда кыргыздын дагы бир атуулу киши колдуу болду


Орусиянын Ханты-Мансийск автоном округунун Нефтеюганск шаарында Ош облусунун Каракулжа районунунан барып иштеп жүргөн 35 жаштагы Бактыбек Эрмекбаев киши колдуу болду. Бул тууралуу “АКИ-пресс” агенттиги Орусиядагы “Замандаш” Ассоциациясынын маалыматына шилтеме жасап кабарлады. Маалыматка караганда, 18-июнда мушташтын кесепетинен славян улутундагы жергиликтүү эки тургун Б.Эрмекбаевди бычактап кетишкен. Ал окуя болгон жерден жан берген. Учурда бул окуя боюнча иликтеп, тактоолор жүрүп жатканын Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG