Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

ТҮШТҮК КАВКАЗДАГЫ КЫРДААЛ ВАШИНГТОНДО ТАЛКУУЛАНДЫ


Кубат Чекиров, Прага АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитети 18-июнда болгон жыйынында чечилбей келаткан жаңжалдуу аймактар жана Түштүк Кавказдагы жалпы кырдаал жөнүндө маселени талкуулады. Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча орун басары Дэниел Фрид Грузия, Азербайжан жана Армения өлкөлөрүнүн --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/75510D66-BA43-41E9-8C5F-DA0E003E02A6.asp демократия жана эркиндик жолунда өнүгүшүнө көмөктөшүү АКШнын сап кармаган саясаты экенин билдирди. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар аталган өлкөлөрдүн сырттагы күчтөрдүн кысымына алынбай эркин өнүгүшүн жактай турганын баса белгиледи.

Дэниел Фрид комитетте сүйлөгөн сөзүндө демократиянын толкуну 1989-жылы Борбордук Европадан башталып Чыгыш Европаны жиреп өтүп, демократиялаштыруу, адам укуктарын коргоо жана эркин базар мамилелерин уюштуруу жаатында таң калтырган ийгиликтүү натыйжаларга алып келип жатканын баса белгиледи. "Эмки маселе,- деп айтты ал, - демократиянын толкундары «кеңири Европа» катары саналган аймактын эң чыгыш өңүрүнө чейин жетеби, кеп ошондо."

Дэниел Фрид бул жерде Азербайжан, Грузия жана Арменияны көңүлгө алып сүйлөдү. Булар бирине-бири окшобогон улуттар жана өлкөлөр, бирок айрым деңгээлде окшош кыйынчылыктарды баштан өткөрүп атышат. Алардын ар бири өз ичинде жикчилдердин жаңжалын басуу, көз каранды эмес сот системасын орнотуу, заманбап экономика куруу сыяктуу чулу маселелерди чечүүнүн убара-убайымын тартып келатышат.

Фриддин айтымында, АКШнын тышкы саясаттагы сап кармаган максаты- аталган үч өлкөнүн Европанын өрнөгүнө түшүп, демократия менен эркин экономиканын жолунда өнүгүшүнө көмөктөшүү болуп саналат. Ал ошондой эле бир дагы сырткы күч, анын ичинде Орусия дагы аталган өлкөлөргө сырттан өз эркин жана талабын таңуулабаш керектигин баса белгиледи:

«Биз кайсы бир чет мамлекет бул өлкөлөрдүн Европа институттарына Транcатлантикалык ынтымакка кирүү боюнча эгемен тандоосуна коркунуч келтирүүгө же тоскоол болууга жарамдуу болушу керек деп эч санабайбыз»,-деди Мамдепартаменттин өкүлү.

Мунайзат менен жаратылыш газына мол Азербайжандын экономикасы үч жылдан бери тездеп өнүгүп баратат. Бирок Фриддин айтымында, бул өлкөдө демократиялык реформалардын кашаңдап жатканына Вашингтондун көңүлү бөксө болуп турат.

Ошол эле учурда көп жылдан бери баш оору болуп келаткан Тоолуу Карабак проблемасы бар. Кошмо Штаттар Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн айныксыз колдошот, бирок талаштуу аймактарга байланышкан маселе сүйлөшүүлөр аркылуу, эл аралык укук жана саясат жолунда чечилгенин жактайт.

"Кайра-кайра кармашуунун акыбети болбойт. Азербайжандын атка минерлери ашкере кызуу кандуу сүйлөп жатышат, бирок биз алардын өкмөтүн бул чырлуу маселени тынчтык жолу менен чечүүгө үндөп келатабыз",-деп айтты Дэниел Фрид.

Комитеттин бир катар мүчөлөрү Азербайжандын Армения менен кайрадан согуша турган ниети бар деп тынчсыздануу билдиришти. Конгрессмен Жо Нолленберг президент Алиевдин "Азербайжан өзүнүкү деп санаган аймакты каалаган учурда аскердик күч менен бошотуп ала турганга даяр болушу керектигин» айтканын эске салып, андай аракеттерди токтотуп калуу үчүн Кошмо штаттары эмне кылып атканын Фридден сурады.

Фрид Бакудан ачууга алдырган кызуу кандуу билдирүүлөр кээде чыгып кетип атканын белгилеп, америкалык дипломаттар Алиевдин өкмөтүн этият болууга чакырып, ал түгүл Азербайжандын мунзайзатынын экспорт маселесин козгоп жиберишкенин айтып өттү.

"Биз Азербайжандын казынасы газ менен мунайзаттын экспортунан түшкөн каражат менен кампайып жатканын, согуш чыкса мунун баарына тоскоолдук болушу мүмкүндүгүн түшүндүрдүк. Ошол эле учурда Кошмо Штаттары Азербайжан Арменияга аскердик үстөмдүк кыла алат деп эсептебейт. А согуштан эки тарап тең утпайт, кайра жабыр тартат».

Грузияга келсек, Мамдепартаменттин өкүлүнүн айтымында, Карадеңиздин чыгыш жээгин мекендеген өлкөдө азыркы учурда коопсуздукту сактоо маселеси абдан орчундуу болуп турат. Грузия Украина сыяктуу эле НАТОго кирүүгө талапкер болуп жаткан өлкө катары белгилүү.

Фриддин айтымында, Грузиянын НАТОго кирүү тилегин Москва жаны кашайып кабыл алып, грузин өкмөтүн жазалоо үчүн бардык жагынан кысымга алган аракеттерди көрүп жатат. Жерде да, абада да байланышты үзүп кыскартып, Абхазия менен Түштүк Осетиядагы жикчилдик проблемаларын тымызын күчөтүүдө. Аталган аймактарга орусиялык аскер күчтөрү 90-жылдардын башында эле бейпилдик күчтөрү катары киргизилген бойдон турат.

"Бул кадамдар Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдоо боюнча Орусиянын өзүнүн саясатына кайчы келүүдө жана БУУнун Абхазиядагы ортомчулук иш-аракетине да зыяны тийүүдө. Бейстабилдүүлүктүн толкуну бүтүн Кавказга жайылып кетүү коркунучу чыгууда. Кошмо штаттар Грузиянын азыркы таанылган чек арасындагы аймактык бүтүндүгүн колдойт, ошондой эле Абхазиянын макамы компромисттик сүйлөшүүлөр аркылуу аныкталууга тийиш деп эсептейт»,-деди Фрид.

Ал эми Арменияны Мамдепартаменттин маалыматы боюнча географиялык обочолонуу, туташ жайылган коррупция жана демократиялык өнүгүүгө тоскоолдуктар тушап турат. Ошондуктан Кошмо Штаттары Арменияны өзүнчө өзгөчөлүгү бар мамлекет катары карап жатат. Тоолуу Карабак талашын чечүү бул аймакты өнүктүрүү үчүн эң башкы шарт болуп эсептелет. Армения менен Түркиянын алакаларын жакшырышы да расмий Еревандын коңшу өлкөлөр менен интеграциясы үчүн өбөлгө болорун Фрид кошумчалай кетти.

Өз кезегинде эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөлөрү Түркиянын Арменияга каршы 15 жылдан бери келаткан камалоосун жоюу боюнча Вашингтондун иш-аракети тууралуу курч суроолорду беришти. Алардын айтымында, эл аралык иликтөөлөр Азербайжан менен Түркиянын жасаган тоскоолдуктарынан улам Армениянын ички улуттук дүң продуктусу жыл сайын 38 пайызга азыраак болуп атканын көрсөткөн.

Жакында АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрт мүчөсү Арменияга каршы түрк камалоосун четтетүү боюнча мыйзамдык чараларды сунуш кылышкан. Анда Түркияны Арменияга карата саясатын жумшартуу, камалоодон баш тартуу чакырыгы камтылган.

XS
SM
MD
LG