Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

ТҮРКИЯ: ФУТБОЛ-САЯСАТ МЕТАФОРАСЫ


Жерортолук мамлекеттеринде, анын ичинде Түркияда, футбол менен саясат бири бирине аралашкан, ал тургай футбол мелдештери кез-кезде мамлекеттерди бири бирине жакындаштырып же касташтырган учурлар тарыхта сейрек эмес. Өткөн жекшембиде Түркиянын улуттук командасынын Чехияны, кийинки 15 мүнөттүн ичинде аткан 3 голу менен 3-2 эсебинде жеңип чейрек финалга чыгуусу, Түркияда спорт дүйнөсүндө болгондой саясат майданында дагы ири резонансты пайда кылбай койбоду. Түркиянын командасы кийинки 15 мүнөттүн ичинде демилгени колго алуусу менен жеңилиштен араң кутулду, бирок бул сыйкыр саясат майданында дагы кайталанарын күтүш кыйындай сезилет.

Ооба, бул жолу дагы футбол саясатка аралашты, өзү жаш кезинде футболист болгон премьер-министр Режеп Т. Ердоган Чехияга каршы 75 мүнөткө чейин 2-0 эсебинде жеңилген абалда ойношконуна карабай, натыйжалуу ойноп Европанын мыкты командаларынан саналган Чехияны 3-2 эсебинде жеңип алуусун, партиясындагы жолдошторуна мисал көрсөттү.

“Жеңишке татыктуу экениңерге ишенсеңер анда түңүлбөй тырышыш керек. Демек, жеңишке жете алыш үчүн 90 мүнөткө гана эмес демиңердин соңуна чейин чыдаш керек”,- деди Ердоган.

Мунусу менен ал ишмердиги Консотто каралып жаткан партиясынын катарын бекем кармап, кандайдыр бир боло билүүчү дезертирлик аракетине каршы жолдошторун эскерткиси келди.

Футбол-саясат метафорасына ушул өңүттөн карап Wall Street Journal гезити жарыялаган макаласында “Түркиянын саясатында дагы, футболдо болгон өңдүү сыйкыр зарыл болуп турат” деген пикир баяндаган. “Түркиянын кадимки секулярист мекеме-курумдары менен исламга ыктаган башкаруудагы өкүмөттүн ортосундагы тирешүү бир жылдын ичинде эки жолу өлкөнү шал кылып койду” делинген макалада “курч абал мындан ары ого бетер чыңалып, мусулман ааламындагы эң күчтүү демократияны жардын кырына такап койо турган сыяктанат” деген жоромол ой билдирилет.

Маалым болгондой, март айында өлкөнүн башкы прокурору Абдуррахман Ялчынкая, антилайик иш-аракеттердин очогуна айланып калды деген айып тагуу менен башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясынын жабылуусун талап кылып Консотко петиция берди. Ал ошол катарда партиянын премьер-министр Ердоганды да кошуп алганда 71 жогорку даражалуу жетекчисинин 5 жылга саясатка аралашуусуна тыюу салынуусун талап кылды. Ак Партия ушул аптада өзүнүн коргонуу корутундусун Консотко тапшырды жана Консот июл айынын башында, прокуратураны жана Ак Партиянын коргонуучу өкүлдөрүн жекече укмай болду.

Көпчүлүк байкоочулардын пикиринде, иш ушуга чейин келип жеткенине жараша, Консот Ак Партияны жаап салуу тууралуу чечими ыктымалдан алыс эместей көрүнөт. Бирок Консот футболдо болгон өңдүү, кызыл карточканын ордуна Ак Партияны бул жолу айып пулга жыгуусу да ажеп эмес. Балким, Ак Партиянын төрагасы Режеп Т. Ердоган дагы Чехия менен мелдештеги жетишилген жеңишти сот бийлигинин катарындагы футбол күйөрмандарынын дарегине жолдомо кылгысы келгендир…

Бирок айтыла жүргөндөй ‘топ дегениң тегерек, качан жана кайсы дарбазага кирерин алдын ала билиш мүмкүн эмес”.

Конституциялык сот ЖОЖдордо жоолук тагынууга жол койгон конституциялык өзгөртүүнү алып салуусу менен Ак Партияга каршы 1-0 эсебинде үстөмдүктө болуп турган чагы. Конституцияны түп тамырынан алмаштыруунун айласын издеши менен Ак Партия болсо каршы чабуулга чыгуу аракетин кылып жатат.

XS
SM
MD
LG