Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

ОКУУНУ ЖАҢЫ ЭЛЕ БҮТКӨН ЖАШТАР ДА МИГРАНТ БОЛУУГА ДИЛГИР


Жанарбек Акаев, Ош Өлкөнүн түштүк аймагындагы Жогорку окуу жайларын эми гана бүтүрүп жаткан жаштар да экономикалык оор акыбалдан улам, Орусиядагы жана Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын катарын толуктаганы турушат.

«Айлык акы төмөн, туруктуу жумуш жок, анын үстүнө кымбатчылык да күч алды», - деген нааразычылыкты Жогорку окуу жайын аяктап жаткан дээрлик ар бир бүтүрүүчүдөн угууга болот. Орто мектепти аяктап, андан кийин өзү сүйгөн татыктуу кесипти тандап, жогорку окуу жайында 5-жыл билим алган студент эми минтип өз кесибинин ээси болгону менен, мекенинде анын үзүрүн көрө албай турган абалда тургандай сезилет.

“Экзамендерим бүтсө, диплом алаарым менен Орусияга кетем” деген бүтүрүүчүлөрдүн саны өтө эле көп болгондуктан, бул нерсе кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч кимди деле таң калтырбай калды окшойт:

- Патриот эместер Кыргызстанга күйбөгөндөр кетип атышат дешет, бирок биз жыргаганыбыздан кетип атабызбы? Айла жоктон ушундай болуп жатат да, анан эмне кылабыз? Бул жерде айлык бербесе, иш жок болсо, иш табасың, миң сом, эки миң сом, күнү-түнү иштейсиң. Ал бир күн, эки күнгө эле жетет,-деди ОшМУну аяктап жаткан Талант.

Спорттук мелдештерде өз университетинин, жадагалса, шаардын атынан эркин күрөш боюнча таймаштарга чыгып, Иранга чейин барып, ийгилик жаратып келген бүтүрүүчү Бакыт Молдотаев айлык акы аздыгынан да, спортчуларга эч кандай колдоо болбостугун айтат. Ал эми аны менен бирге окууну бүтүп жаткан достору болсо Бакыттай мыкты спортчуларды Кыргызстан жоготуп жатканын айтышты:

- Спорт жагынан колдосо, албетте, Орусиянын атынан чыгам, бирок жүрөгүбүз Кыргызстанда да.

- Мына Бакыт досубуз, чынында, мыкты спортсмен. Кыргызстан ушу Бакыттай балдарды алып калса болмок. Эми ал да Орусияга кетип жатат.

Ош шаардык миграция жана калкты иш менен камсыздоо комитетинин төрайымы Нурилия Жолдошеванын айтымында, чет-өлкөгө кетип жаткан шаардык жаштардын саны да күндөн-күнгө өсүүдө:

- Мисалы, бизге 5 айдын ичинде 6 000 киши кайрылды, анын 50% - жаштар. Көпчүлүгү чет-өлкөгө барып, иш тапсак деген ой менен кайрылып жатышат. Ушу керектүү деңгээлде айлык акысын төлөп бере албай жатат да. Ал эми чет-өлкөдө жумуш берүүчүлөр: “Биз 700 доллардан төлөйбүз”, - деп так айтып жатышат. Ал эми биздин иш берүүчүлөр, 3 миң, 4 миң, 5 миң дешет. Бул айлык акы бүгүнкү күндө биздин жаштарды канааттандырбайт, - деп билдирди Н.Жолдошева.

Жергиликтүү талдоочу Жапар Калилов, бүгүнкү күндө жаштардын талабы өскөнүн айтып, алар үчүн четте иштеп, өз жанын багуу бир топ ыңгайлуу болуп калганын, ал эми жогорку окуу жайын бүтүп барган кадрлар да Орусияда кара жумуш менен гана алектенээрин айтат:

- Жаштар Кыргызстанда өз келечегин көрө албай калышты. Азыр алардын талабы да өстү, бизге окшоп болоор-болбос нерсеге канааттанышпайт, өскүсү келет. Мен буларды эң сонун түшүнөм, себеби, жаштар өзүнүн келечегине өзү ишенип, өзүн камсыз кылыш үчүн чет-өлкөгө кетип атат. Жумуш болсо, айлык аз, күнүмдүк керектөөлөрүнө да жетпейт. ЖОЖду бүтүп жаткандарга да ал жакта жакшы иш жок, себеби алардын мыйзамы ошондой - жарандыгы жок болсо, кара жумуш кылат.

Бирок Орусияга кетип жаткан жаштардын көпчүлүгү өзүнө жетээрлик каражат табаары менен, кайра сөзсүз Кыргызстанга келээрин, Кыргызстан үчүн иштеп берээрин айтат:

- Эки-үч жыл Москвага барып иштеп келсем дейм, ата-энеме колдоо керек болуп жатат. Анан келип, машина алсам, үйлөнсөм… Негизи, Кыргызстан үчүн иштеп берсемби деген ниетим бар эле.

XS
SM
MD
LG