Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

10:25 Жорж Крол жергиликтүү журналисттер менен жолугушту


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия аймагы жана коомдук дипломатия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол (George Krol) “Манас” аба майданындагы АКШнын базасы кеңейтилбей тургандыгын журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.Ал ошондой эле Кыргызстанга сүйлөшүү жүргүзгөнү келбегенин белгиледи. Жорж Крол Кыргызстанга биринчи жолу 1996-жылы келип кетиптир. Ал жаңы кызматына байланыштуу Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы жөнүндө, өлкө тууралуу жакындан таанып билүү максатында келгенин кошумчалады.Жорж Крол "Азаттыктын” кабарчысы Гүлайым Ашакеева менен болгон баарлашуусунда өлкөдөгү сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу тууралуу пикир алышты. Вашингтондун өкүлү иш сапарында премьер-министр Игор Чудинов, президенттин администрациясынын өкүлү, Тышкы иштер министри, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG