Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттыктын” таңкы уктурууларындагы түз ободогу маектешүүлөрдүн бүгүнкү алгачкы мейманы “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова болмокчу. Кабарларда айтылгандай үч күн мурун маркум журналист Алишер Саиповдун атасы президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдогон эле. Мэри айым ммына ушул маселенин жана жалпы эле сөз эркиндигинин айланасында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сиз маркум журналист Алишер Саиповдун атасынын каты менен тааныш болушуңуз керек, Авас Саипов мамлекет башчыга жазган катында уулунун өлүмүнө Өзбекстандын Коопсуздук кызматын күнөөлүү деп билдирген. Ал эми айрым байкоочулар Алишер Саиповдун өлүмү оңой менен ачылбайт деген пикирлерин айтып чыгышкан. Сиз кандай ойлойт элеңиз?

- Менин оюмча, Алишер Саиповдун атасы өзүнүн конституциялык, жарандык укугун колдонуп, президентке кайрылуусун жасаган. Ал өзүнүн кайрылуусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын атайын кызматтары ушул өлүмгө тиешеси бар деген божомолдорду айткан экен. Менин оюмча, бүгүнкү шартта бул кылмыштын бетин ачуу өтө эле оор. Көп жылдардан кийин мүмкүн бүткүл Борбор Азиянын бийликтери алмашып, башка жаңы адамдар келгенден кийин гана ачылышы мүмкүн. Азыркы шартта бул кылмыштын жүзүн ачуу өтө эле күмөн.

- Алишер Саиповду өлтүрүп кетишкенден кийин мамлекет башчы Курманбек Бакиев бул ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын маалымдаган эле. Бирок жыйынтыктын кечеңдеп жатышы Алишердин жакындарынын бул иш ачылбай калабы деген шегин туудуруп жатса керек. Сиздин болжолуңуз кандай, бул иш аягына чыгып, ачылышы мүмкүнбү?

- Мындай кылмыштарды президент гана эмес, ошол кездеги премьер-министр дагы өз көзөмөлүнө алган. Андан тышкары Кыргызстанда медиа жаатында отуздан ашуун кылмыштар катталган. Мунун биринин дагы бети ачыла элек. Кыргызстандын өзүнүн жарандарынын тиешеси бар кылмыштардын жүзү ачылбай турганда, Өзбекстандын атайын кызматынын тиешеси бар кылмыштын жүзү ачылышы бул өтө эле күмөн нерсе.

- Алишер Саипов атылып өлтүрүлгөндөн кийин бул иш аймактагы сөз эркиндигин кысуу максатында болгондугу айтылган. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бирден-бир эркин гезиттердин бири “Де-факто” гезитинин акыркы сандары жарык көрбөй калды. Бизде сөз эркиндиги бар деп айтууга болобу?

- Буга чейин демократия аралы деп айтылып келбеди беле. Салыштырмалуу Борбор Азиянын ичинде эң демократиялуу мамлекет деп. Акыркы учурларда Кыргызстанда сөз эркиндиги болушунча кысымга алынып жатат. Башка мамелкеттерден деле айырмасы жок болуп, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга теңелип баратат. Айта кетсек, “Де-факто” гезитинин ушул күндө чыкпай калышы, буга чейин ушул гезитке бир миллион сом айып пул салынганы, жакында эле Жалалабаттагы “Право для всех” бюллетенинин сот тарабынан күнөөлү деп табылып, ага дагы айып пул салынганы баарын айтып турат. Ал эми эң негизи факты бул акыркы учурда телевидение жана радио тууралуу мыйзамга президент тарабынан кол коюлушу. Бул мыйзамдын негизинде азыркы учурда иштеп жаткан телевидение жана радиолордун кеминде 80 пайызы жабылышы керек, эгер ушул мыйзам аткарылса. Көпчүлүк эле медиа тармагында иштеген адамдардын ою боюнча азыр сөз эркиндиги аябай катуу эле кысымга алынып жатат.

- Мэри айым, сизге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG