Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

15:15 Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш ар тараптуу багытта бекемделе берет


Бүгүн, 2008-жылдын 20-июнунда Өкмөт үйүндө, мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын достук тобунун жетекчиси Ибрахим Хасгур мырза башында турган парламенттик делегацияны кабыл алды. Мамлекеттик катчы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жакындык, бир туугандык мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыйын мезгилдерде. Нур уулу Досбол белгилегендей, президент К.Бакиевдин Түркия Республикасына болгон расмий иш-сапары Кыргызстан үчүн жаңы байланыштарды, мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Түркия менен болгон былтыркы бир жылдык товар жүгүртүү дээрлик 200 миллион АКШ долларына чыккан. Жолугушууга ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Серпиль Альпман айым жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Жангороз Каниметов катышты.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG