Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

16:00 Акыйкатчы Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиевге кат жолдоду


Анда Акыйкатчы буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин тынч митинг, пикеттерди өткөрүүнү чектеген токтому президенттин жүргүзүп жаткан саясатынын беделине көлөкө түшүрүп келсе, эми Жогорку Кеңештин “Тынч митингдер жөнүндөгү” мыйзамына президент кол койсо өлкө башчысынын эл аралык аброюна доо кетет деп, билдирген. Турсунбек Акун депутат Искак Масалиевдин демилгеси менен Жогорку Кеңеште жакында кабыл алынган “Тынч митингдер жөнүндө” мыйзам долбоорун Конституцияга карама-каршы келип, өлкө жарандарынын эркин жыйналуу укугуна кысым жасаларын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG