Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

16:15 “Умай Эне” партиясынын төрайымы С. Шарипова Ош шаардык сотунун 5 судьясын сотко берди


“Умай Эне” партиясынын төрайымы Салима Шариповага таандык түштүк башкалаасындагы жер участогун жана мүлкүн Ош облус губернаторунун мурунку орун басары Алексей Бурцев мыйзамсыз түрдө сатып алышына Ош шаарынын соттору жардамдашкандыгын Шарипова “Азаттыкка” бүгүн өзү билдирди. Ошол себептүү Ош шаардык сотунун 5 судьясынын үстүнөн сотко арыз жолдоп, алардын ар биринен 1 миллион сом моралдык-материалдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылып жаткандыгын кошумчалады. Ош шаардык сотуна чалсак, Шарипованын даттануусу келип түшкөндүгүн айтышып, бирок, ал каралып бүтмөйүнчө комментарий берүүдөн баш тартышты. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG