Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

ЕВРОПА БИРИМДИГИ КУБАГА ЧЕКТӨӨЛӨРҮН АЛЫП САЛДЫ


Европа Биримдиги Фидел Кастродон кийинки жетекчиликтин реформа жүргүзүүсүнө дем-күч берүү ниетинде Кубага карата чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечим кылды. Бул чектөөлөр 2003-жылы жетимиштен ашуун кубалык диссидент темир торго түшүрүлгөндө кабыл алынган. Расмий Вашингтон жана бир катар кубалык диссиденттер бул чечимди кескин сынга алышты.

Евробиримдиктин бул бейшембидеги (19-июндагы) чечимин Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер кабарчыларга тастыктады.

Анын пикиринде, чектөөлөрдү алып салуу кадамы аралдагы коммунисттик мамлекеттин мындан аркы либералдашуусу үчүн жагымдуу жагдай түзүүү максатында жасалды.

- Кубага карата чектөөлөр алынып салынмакчы. Бирок ошол эле учурда, кубалыктар эмне кылуусу керектиги тууралуу таасын турумубуз да ачык айтылат. Мен мында (саясий) камактагыларды бошотуу, адам укуктары жаатында чыныгы иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу көйгөйлөрүн эске алып жатам. Демек, болочокто (бул өлкөдө) кандай иш-аракети болгонун тигил же бул түрдө баалай турган учур да келмекчи.

Бул чектөөлөр Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жогорку даражадагы жетекчилеринин Кубага барышына тыйуу салуу сыяктуу чараларды да өзүнө камтыган.

Ал эми айрым байкоочулардын баамында, Кубага карата чектөөлөрдү алып салуу тек гана символдук мааниге ээ, ошого карабастан бул кадам өлкөнү бийлеп жаткан Раул Кастронун эл аралык чөйрөдөгү ийгилиги катары бааланса да болот.

77 жаштагы Раул Кастро айрым саясий камактагыларды эркиндикке чыгарды, өлүм жазасына кириптер болгон кээ бир кишилердин жазасын жеңилдетти, социалдык жаатта болсо дыйкандардын маянасын көбөйтүү далаалатын жасоодо жана айлык төлөөдөгү социалисттик теңдемечил мамилени жойду.

Деги, кубалыктар бул жаңы жөрөлгөлөргө жана саамалыктарга жана Евробиримдиктин Гаванага карата жаңы чечимине кандай карап жатышат?

Өзүн Гавананын тургуну деп тааныштырган Росада (Rosada) Ройтер агенттигине маек куруп, иниси агасынан анча узак деле кетпегендигин мындайча билдирди:

- Раул Фиделден айырмалуу саясий турумда деп деле ойлобос элем. Раул – ыңкылаптын тарыхый улантылышын. Менимче, Европа Биримдигиндегилер башкача ойлоп жатса, тек гана алар Раулдун турумунун өзгөрүш ыктымалдыгы жаатында өздөрүн өздөрү алдап жатышат.

Ал эми өзүн Мачин деп тааныштырган башка бир кубалык болсо Брүсселдеги жаңы кадам Ваш ингтондон айырмаланган жаңы демилге экенин, Куба менен тыгыз жакындашуу андагы акыбалды оңдоого дурус таасир тийгизээрин айтты:

- Куба өзүнүн өнүгүү жолун таптакыр өзгөрткөн жок, ыңкылап мурдагыдай эле күчүндө кала берди. Менимче, Европа Биримдигинин чектөөлөрдү алып салышы – акыл-эстүү мамиле. Бул, жок дегенде, алар Кошмо Штаттардын оюнун ойнобой жатканын айгинелейт. Менимче, бул кадам – замана талабына шайкеш жана дүйнө жүзү түшө турган нукту көрсөтөт.

Айтылуу кубалык коммунисттердин жолбашчысы Фидел Кастро катуу ооруп калганына байланыштуу, мындан дээрлик эки жыл илгери анын иниси Раул Кастро бийликке келген.

Евробиримдикке мүчө болгон Испания сыяктуу айрым өлкөлөр Кубага чектөөлөрдү алып салуу талабын байма-бай козгоп келишти, ал эми Чехия жана Швеция сыяктуу өлкөлөр азыр деле Раул Кастро жарытылуу реформа жасай элек, бул кадамга азырынча эртелик кылат деп каршы маанайын билдирип жатышты.

Чех тышкы иштер министри Карел Шварценберг жыл сайын Кубадагы кырдаалды талкуулап, керек болсо чектөөлөрдү кайра калыбына келтирүү зарыл деген оюн кабарчыларга билдирди.

2005-жылы Европа Биримдигинин чектөөлөрү убактылуу токтотулган, бирок алынып салынган эмес. Расмий Гавана болсо бул чектөөлөрдү биротоло алып салуу талабын айтып келген.

XS
SM
MD
LG