Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Чеченстанда согуш курмандыктары жалпы көмүлгөн жай табылды


Сегиз жүзгө жакын адамдын калдыктары көмүлгөн жай христиан көрүстүнүнөн алыс эмес жерде табылган. Чеченстандагы Адам укуктары бойунча ыйгарым укуктуу өкүл Нурди Нухажиевдин айтымында, алар согушта кырылган карапайым адамдардын калдыктарына окшойт. Согуш курмандыктарын бул жерге жапырт көмүү 1995-жылы болгону айтылууда. Нухажиев Россиянын архивдерине суроо талап жиберип, адамдарды көмүү менен байланышкан окуяларды иликтеп көрмөкчү болууда. Табылган адам калдыктарын идентификациялап дайын-дарегин тактоо жоголуп кеткен көптөгөн адамдардын тагдырын аныктоого жардам болмокчу дейт «Мемориал» укук коргоо уйумунун өкүлү Александр Черкасов. Азыркы учурда Чеченстанда 5 миңден ашык адамдын дайны жок.

XS
SM
MD
LG