Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жыныстык зомбулукту согуш аракетин жүргүзүү усулу деп тааныды. АКШ киргизген мындай сунушту Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты. Эми бир жылдан соң жыныстык зомбулукка каршы чечимдин жүзөгө ашырылышынын жүрүшү тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилигине атайын баяндама сунушталаары күтүлөт.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин атайын отуруму жыныстык зомбулук маселесине арналды. Чынында, басып алынган аймактардагы аялдарга баскынчы аскерлер тарабынан жыныстык зомбулук көрсөтүү учурлары адамзат тарыхында байма-бай учураган, бирок маселени мындай эл аралык деңгээлде талкуулап, зулумдуктун бул түрүн аскердик тактиканын бир түрү катары баалоо жана жекирүү – алгачкы жолу болуп отурат.

Отурумда чыгып сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айрым коомдордо аялдарга карата жыныстык зомбулук болуп көрбөгөндөй күчөп кеткенин эскертти.

Отурумдун бир бөлүгүнө жетекчилик кылган АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс аялдарга карата зомбулук анын түздөн-түз курмандыктарына эле эмес, мамлекеттин коопсуздугуна жана туруктуулугуна да кесепетин тийгизгенин белгиледи.

- Бул эл аралык орган азыр мойнуна алгандай, жаңжал чордону болгон аймактардагы жыныстык зомбулук, албетте, коопсуздук үчүн санааркоо туудурган көрүнүш. Жыныстык зомбулук аялдардын саламаттыгына жана коопсуздугуна гана кесепетин тийгизбестен, алардын өлкөсүнүн экономикалык жана социалдык туруктуулугуна да өз таасирин тийгизет деп бекем айтабыз,- деди Райс айым.

Бириккен Улуттардын чечими өкмөттөр менен жаатташкан тараптарга жыныстык зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу чакырыгын камтыйт. Чечимде бул зомбулук согуштук кылмыштын же болбосо улутту тукум курут кылуу саястынын бир бөлүгү катары сыпатталган. БУУнун резолюциясы, ошондой эле, куралдуу жаңжалдарга катышкан бардык тараптардан карапайым тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык арганы жасоону талап кылат.

Орусия сыяктуу айрым өлкөлөр мындай отурумду уюштурууга башында каршы чыгышкан, бирок добуш берүүгө келгенде бардыгы бул чечимди бир ооздон колдоп беришти.

“Хюман райтс уотч" (Human Rights Watch) сыяктуу укук коргоочу уюмдар бул жаңы чечимди кызуу кубаттап чыгышты.

Жакынкы 1990-жылдары эле Балкан аймагындагы согуш маалында аялдарга карата жыныстык зомбулук жаңжалдашкан тарапты кемсинтүүнүн атайын ыкмасы катары колдонулганы маалым.

Хорватиянын өкмөт башчысынын орун басары Йадранка Косор (Jadranka Kosor) айым БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда мындай деп сүйлөдү:

- Ал түгүл Хорватиянын аймагында, Европанын жүрөгүндө, 1990-жылдардын башындагы Хорватия башынан кечирген баскынчыл согуш маалында аялдарды зордуктоо - мазактоо жана коркутуп-үркүтүү усулу катары колдонулду. Алиги баскынчылардан ушундай эле мүшкүлгө кабылган Босния-Герцеговина эли да улуттук тукум курут кылуунун куралы ирээтинде колдонулган зордуктоо жана жыныстык зомбулук кылмыштарынын азабын чекти,-деди Косор.

Бул сыяктуу кылмыштар өткөн кылымда эле калып кеткен жок. Дал ушул тапта, маселен, Конго Демократиялык Жумуриятында жаңжалдашкан тараптардын жоокерлери нечендеген бейкүнөө адамдарды жыныстык зомбулук көрсөтүп басмырлоодо. Бул тууралуу аталган африкалык өлкөдөгү окуяларга күбө болгон эл аралык бейпилдик күчтөрүндө кызмат өтөгөн бир генерал да БУУнун атайын отурумуна айтып берди.

Арийне, Бириккен Улуттардын бул олуттуу чечими кандай деңгээлде жүзөгө ашырылаар экен? Мыйзамды көзүнө илбеген согушчандар ага моюн сунаар бекен? БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мунга бир жылдан соң жыныстык зомбулукка каршы чечимдин жүзөгө ашырылышынын жүрүшү тууралуу атайын баяндама сунушталаары күтүлөт.
XS
SM
MD
LG