Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

ИРАН: БИЙЛИКТИ ЧЫРМАГАН КОРРУПЦИЯ –УЛУТТУН УБАЙЫМ САНААСЫ


Кубатбек Чекиров, Прага Соңку учурда ирандыктарды сар-санаага салган беймаза маселелер көп болууда. Жашоо тиричиктин улам кымбаттап баратышы, --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/683DD1FC-686F-4DF5-869F-8B81204E7939.asp Американын же Израилдин абадан чабуул жасаш ыктымалдыгы жөнүндөгү уу-дуу сөздөр, коңшулаш Ооганстан менен Ирактагы токтобой жаткан согуш жана келерки жылда болуучу президенттик шайлоо - мына ушунун баарысы калкты түпөйүл ойго такаган түбү жок санаа болуп жатат. Бул аз келгенсип, эми Ирандын башкаруу чөйрөсүндөгү коррупция фактылары жөнүндө кептер чубалып чыгууда. Ирандын газеталарында, интернет журналдарда жана башка маалымат каражаттарында соңку күндөрү мына ушул маселе бүйүр кызыткан талаштарга жем таштады.

Көптөгөн ирандыктар кедерине кетип аткан экономикалык кырдаалга мажүрөө жетекчилик жана жогорку чөйрөдөгү коррупция жеткирди деп ойлошот. Мунайзатты көп өлчөмдө экспорттогон дүйнөдөгү үчүнчү эң чоң өлкө болуп саналган Иранда өткөн жумада эле бир баррель карамай136 доллардан сатылган. Ошол себептүү мунайзатты сатуудан түшкөн акчалар кайда житип кетип аткандыгы көчөдөгү элдин оозунан түшпөгөн суроо болуп туру.

Буга жооп төбөлдөрдүн деңгээлинде сыяктанат. Ирандыктар башынан эле өкмөткө анчалык ишенбеген эл болот да башкаруучу чөйрөнүн баарын коррцупцияга баткан деп ойлошот. Бирок азыр эл башкаргандарын этегин ачкан коррупция жөнүндө өкмөттөгү бир аты анча белгисз атка минердин ачык айтып чыкканы бүтүн журттун бүйрүн кызыткан сөзгө айланды.

Парламенттин тапшырмасы менен сот системасындагы кырдаалды иликтеп чыккан киши катары өзүн тааныштырган Абба Пализдар майдын этегинде сүйлөгөн сөздөрүндө жана маектеринде жогорку диний лидерлерди жана саясий ишмерлерди, анын ичинде мурдакы президенти Абхар Хашеми Рафсанжанини кошуп туруп, буларды бүт коррупцияга белчесинен баткан деп айыптап чыкты.

Пализдардын билдирүүсүнөн кийин карама-каршылыктардын толкуну мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Ал өзү абакка салынды. Пализдар өзүнүн жогорку тарапты айыптаган сөздөрүн 9-июнда Фарда үналгысына да кайталап айтты:

“Ырас, мен колумдагы даректерге жана даилдерге таянып туруп айтып жатам. Дагы башка толтура иштер бар, аларды көрсөтөм кийин. Мен айткандардын бүт баары, эгер өкмөт дагы башка нерсе кошуп жибере элек болсо – документтер жана далилдер менен ырасталган.»

Пализдардын жогорку бийликтеги коррупцияны ашкере кылган билдирүүсү көп адамдарга күтүлбөгөн иш болду. Башында ал түгүл анын сөзүн анчалык этибар алышкан жок. Атка минерлер аны сот системасын текшергенге эч ким жиберген эмес, жөн эле калпты шыпыртып жатат деп чыгышты. Бирок бир аз күн өткөн соң Пализдар айыптоолорун кайталап жар салып айтып чыккандан кийин ал камакка алынды да, анын мойнуна жалган жалаа менен каралоо жайылтты деп айып коюлду.

Анткен менен ошол эле учурда Башкы инспектордун кеңсеси Пализдар Межлистин мүчөлөрүнүн сот системасын текшерип чыгуу жөнүндө тапшырмасын аткарганын ырастады.

Бул окуя азыркы учурда жалпы журттун оозунан түшпөгөн сөз болуп калды. Тегеранда Пализдардын таламын талашып 200 дөй адам чыгып, алардын көбү полиция менен кагылышып убактылуу абакка түшүп чыгышты. Ал ортодо сот тармагындагы атка минерлер Пализдардын айыптоосу боюнча он бир адам камалып суралып жатканын, алардын көбү өкмөт кызматында иштеген адамдар экени жар салып жиберишти.

Бул маалыматтар башкаруучу төбөлдөрдүн баары коррупцияга баткан деп ойлогондордун шек-шыбырын ого бетер күчөттү. Алар ошол себептүү Пализдардын маалыматтарын жаңылык катары да көрүшкөн жок. Бирок Пализдардын айыптаган билдирүүсү өкмөттө бийлик талашкан кайсы топтун атаандаштарын жаманатты кылуу максаты менен жасаган тымызын иштеринин бир өңүрү деп ойлоп жаткандар да бар. Айрымдар андан ары кетип, Пализдардын билдирүүсү президент Махмуд Ахмад Инежаддын жана анын аскердик таламдаштарынын өз атаандаштарын жаманатты кылып, жолун тороп келерки шайлоодо жеңип чыгуу аракеттери башаты катары жоромолдоп жиберишти.

Тегерандагы белгилүү адвокат Нехмат Ахмади Фарда үналгысына айткан сөзүндө Пализдарды өкмөттө чоң таянычы бар же болбосо өлүмгө башын байлап жаткан жанкечти деп сыпаттады.

"Ал айтып аткан маселе- өзүн өзү өлтүрүү менен барабар. Эгер ал өлүмгө баш байлап жатса анда бул табигый иш. Ал кармалып-камаларын жана түрмөгө түшөөрүн, эгер аны өлтүрүшпөсө да абдан катуу жазалашаарын билет."

Чынбы же жалганбы, кутумчулукпу же жокпу, айтор Пализдардан чубалган сөз саясий чөйрөдөгү жаатташкан топтордун ортосундагы кармаш менен талашып-тартышуулардын отун дуулдатты. Талдоочулардын айтымында, бул окуя бүгүнкү Ирандагы эң маанилүү саясий маселени, атап айтканда «эски» жана «жаңы» ыңкылапчыл консерваторлор ортосундагы бийлик үчүн кырчылдашкан саясий күрөш күчүндө экенин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG