Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

11:20 “Де-факто” гезити компьютерлерин кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды


Гезитке каршы кылмыш иши козголуп, өткөн ишембиде шаардык милиция редакция компьютерлеринин негизги бөлүктөрүн алып кеткени белгилүү. Ошондон бери гезит жарыкка чыкпай турат. Басылма жетекчилиги жана бир катар укук коргоочулар бул жабдыктар негизсиз алынып кеткенин, милиция ыйгарым укуктарынан аша чапканын айтышууда. Жабдыктарды кайтарып берүү талабына жооп болбогон соң эми редакция аны сот аркылуу кайрып алуу үчүн Свердлов райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн гезиттин адвокаты Нина Зотова билдирип, ошол эле учурда тергөөчү редакциядан алынган жабдыктардын баарын дүйшөмбү күнү кайтарууга убада кылганын кошумчалады.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG