Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

13:40 “Ак шумкардын” төрагалыгына Темир Сариев шайланды


Бүгүнкү курултайда буга чейинки 7 тең төраганын орду жоюлуп, бир гана төрага 3 жылда бир шайлана турган болду. Төрагалыкка буга чейин партияны жетектеп келген Темир Сариевдин талапкерлиги коюлуп, бир добуштан шайланды. Мындан сырткары 70 адамдан турган партиянын жогорку кеңеши түзүлдү. Бул кеңеш партиянын стратегиялык багытын аныктап, зарыл учурда пленумга чогулуп турат. Ошондой эле 17 адамдан турган саясий кеңеш куралды. Бул кеңештин курамы 25 адамга чейин болмокчу. Саясий кеңеш партиянын жогорку кеңешинен айырмаланып, туруктуу иштөөчү жумушчу орган болот.

“Ак шумкар” партиясы былтыр “Социал-демократиялык күчтөрдүн биримдиги” партиясынын негизинде түзүлүп, анын башында ошол кездеги ЖК депутаттары Кубат Байболов, Темир Сариев, Каныбек Иманалиев, Осмон Артыкбаев жана белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов жана башка кишилер турган. Былтыр парламенттик шайлоо алдында партиянын бир топ мүчөлөрү башка партияларга кетип, “Ак шумкар” “Ата Мекенге” кошулган. Парламентке келбей калган соң Темир Сариев партияны кайра өз алдынча жанданта баштаган. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG