Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

ТҮРКИЯЛЫКТАР ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында экинчи чейрек финалдык таймашууда Түркия командасы негизги атаандашы Хорватия футболчулары менен беттешти. Натыйжада негизги убакытта эсеп ачылбай, кошумча убакыт да 1:1 эсебинде аяктап, жекеме- жеке топ тебүүдө 4:2 эсебинде түркиялыктар жеңип, жарым финалга чыгышты.

Кечээ 20-июнда Австриянын Вена шаарындагы « Эрнест Хаппель» стадионунда экинчи чейрек финалдык беттешүүдө түркиялыктар менен хорватиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болду.

Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице-президенти Медет Букуевдун пикиринде түркиялыктар жакшы ойноп, жарым финалга чыгышты.

Беттешүүнүн биринчи жана экинчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Бул оюндун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн кошумча убакыт берилип, беттешүү аяктап бараткан учурда хорватиялык жарым коргоочу Иван Класничтин таамай тепкен тобу менен оюндун эсеби ачылды.

Оюн бүтүп баратканда түркиялык футболчулар эсепти теңдей алышты. Бул беттешүүнүн каарманы Семих Шентүрк болду.

Эки команда 1:1 эсебинде тең чыккандыктан акыры жеңүүчүнү аныктоо үчүн 11 метрден жекеме-жеке топ тебилди.

Натыйжада Хорватиянын төрт футболчусунан бирөө Дарио Срна гана Түркиянын дарбазасына таамай тээп киргизди. Калган экөөнүн тепкен тобу дарбазанын жанынан кайып кетсе, Николла Кланичтин тобун түркиялык дарбазачы Рехбер Рүштү тосуп алуу менен командасынын жеңишке жетүүсүнө салым кошту.

Ал эми түркиялык футболчулар Арда Туран, Семих Шентүрк, Хамит Алтынтоп 11 мертлик жекеме- жеке топ тебүүдө жаңылбай таамай тээп киргизип, Түркиянын жарым финалга чыгуусуна өбөлгө болушту.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, түркиялык Мустафа Акарсунун айтымында, мелдеш курч мүнөздө өттү, түркиялыктар эми финалга чыгып, чемпион болбосо дагы экиничи орунга жетиши ыктымал:

- Бул ирет дагы түркиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөттү. Алар быйыл башында начар ойногону менен чечүүчү таймашууларда жакшы ойноду. Айрыкча дарбазачыбыз Рехбер Рүштү башкы каарман болуп, командасынын жарым финалга чыгуусуна зор салым кошту.Чынында эле бул жолу хорватлиялыктар жекеме- жеке топ тебүүдө жыдып калышты. Алар бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, түркиялык Фатинин пикиринде түркиялыктар негизги таймашта жеңип, Арда Туран, Семих Шентүрк жана Хамит Алтынтоп чеберчиликтерин көрсөтө алды:

- Чынында эле түркиялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экенин далилдеп койду. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча түркиялык Арда Туран, Семих Шентүрк жана Хамит Алтынтоп чеберчиликтерин көрсөтүп, мыкты ойноду.

Бул чейрек финалдык беттешүүнү Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөттү. Мөрөй талашуу түңкү саат үчтөн 35 мүнөт өткөндө соңуна чыкты. КТРдын футболдук баяндамачылары Кубан Атабеков менен Алмаз Раимжанов беттешүүнү баштан аяк баяндап беришти:

- Ошентип түркиялыктар хорватиялыктарды 4:2 эсебинде жеңип, жарым финалда ойномок болду.

Бүгүн 21-июнда чейрек финалдык үчүнчү беттешүүдө Голландия менен Орусиянын футболчулары беттешет.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун пикиринде Орусиянын чейрек финалга чыгышы кыргызстандык күйөрмандарды дагы кубандырып, бүгүнкү орустардын Голландия менен беттешүүсү да кызыктуу өтөт.

Андан кийинки эртеңки 22- июндагы чейрек финалдык таймашууда Испания менен Италия жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG