Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Өткөн жумада Кыргызстанда орчундуу саясий жана экономикалык окуялар Америка контитентиндеги өлкөлөргө байланыштуу болду. Бир жагынан Кумтөрдүн айланасында канадалыктар менен чатак ырбаса, экинчи жактан АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасына байланыштуу айың сөздөр чыгып, аны АКШнын дипломаттары четке какты. Бишкекте болсо кымбаттчылыкка байланыштуу пенсионерлер --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/5DE296DD-6B6F-4274-9579-69744DAC179A.asp быйылкы жылдагы алгачкы нааразылык акциясына чыкты.

“Камеконун” башчыларынын алынышы

Кыргыз өкмөтү менен Канаданын “Камеко” корпорациясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча талаш-тартышы бул жумада тараптардын кескин жүрүштөрү менен уланды. Канаданын Торонто шаарынан келген кабарга караганда, “Камеко” негизги кожоюндардан болгон “Центерра голд инк” компаниясынын жетекчилиги алмашты. “Центерранын” башкы директору Лен Хоменюк жана финансы директору Дэвид Петрофф кызматтан четтетилди. Кыргыз өкмөтүнүн жаңы сүйлөшүүлөр тууралуу сунуштарын жоопсуз калтырып жаткан “Центерра голд инктин” жетекчилиги ушинтип алмашып жаткан убакта компанияга Кыргызстанда соккуу уруулар уланды. Биринчиден, Бишкек шаардык райондор аралык сот парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун арызынын негизинде Кумтөрду иштетүүгө акыркы кезде берилген лицензияларды жокко чыгарды. Экинчиден, Жогорку Сот мына ошол эле Исабековдун арызынын негизинде “Центерра голд инктин” банктардагы эсептерин камакка алды. Бул канадалыктардын 100 миллион сомго жакын өлчөмдө жер салыгын төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу жасалды. Үчүнчү соттук териштирүү июль айынын башына коюлду. Эгерде ал боюнча оң чечим кабыл алынса, анда канадалыктар менен иштешүүнүн тамырына балта чабылат. Анткени үчүнчү арызда Кубанычбек Исабеков 2003-жылдагы Николай Танаевдин Кумтөр келишимин реструктризациялоо жөнүндөгү токтомун жокко чыгарууну талап кылган.
Кумтөр багытында кырдаал мына ушундай өңүттө өнүгүп баратат. Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин башчысы, өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Кубанычбек Исабековдун аракетин колдоого алаарлык дейт:

Биринчиден, Исабековдун жасап жаткан аракеттеринин бардыгын толугу менен колдоймун. Экинчиден,биз “Камеко” менен эч нерседен коркпой эле аягына чейин отуруп, дүйнөдөгү практикада алтын кандай бөлүштүрүлөт, чет өлкөлүктөр кандай шарттарда келип иштеп жатканын карап чыгышыбыз керек. Ошол жолго түшмөйүн биз эч качан оңолбойбуз. Биз канадалыктар менен отуруп жаңы келишимге жетишибиз керек.

Базарбай Мамбетов “Камеко” ээлик кылган “Центерра голд инктеги” кадрдык өзгөрүүлөрдү мындай баалады:

Аларда “паника” бар. Эмне дегенде Хоменюк бул ири эл аралык деңгээлдеги аферист. Ал 1992-жылдан бери ушул жерде болгон. 1992-жылы түзүлгөн, 1993-жылы Жогорку Кеңеш бекиткен башкы келишимди ушул киши түзгөн. Хоменюк биздин өкмөттө иштеген, мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын баарын 1993-жылдан бери пара берип, ай сайын акча төлөп кеңешчи кылып алып жүргөн. Ошонун арасында Кыргызстандын кеминде 20дан ашык министри, мамлекеттик агенттиктердин башчылары болгон. Кечээ күнү Исабеков ”Агым” гезитине жазбадыбы, азыркы “Кыргызалтындын” башкы директору Жакыпов Кыргызстан атынан “Центерра голд инктин” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, ошонусу үчүн Канададан, Хоменюктан акча алат деп. Ушулардын бардыгы 15 жылдан бери айтылбай келген. Ал ошолордун бардыгына айлык төлөп, кеңешчи деп, расмий ишке албай, жөн эле ай сайын доллар менен акча төлөп, буларды өзүнө багындырып алып, каалаган документке кол койдуруп келген.

Мамбетов ошондой эле былтыр Алмазбек Атамбаевдин убагында жетишилген келишим да Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин баса белгиледи. Бирок Атамбаевдын келишимин жогору баалаган адистер Кыргызстанда жок эмес. Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев:

Мына азыркы күндөгү “Центерра голдду” толук коррупцияланган деп айтууга болбойт. Анткени мунун ишмердүүлүгү азыркы кезде ачык. Эгерде мурун эки эле акционер болсо Кыргызстан менен Камеко, бүгүнкү күндо 51 акционер бар, дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан.Ошондуктан биздин акцияны дагы 10% көбөйтөбүз дегенине ишене албаймын. Бирок жетишсе абдан жакшы болот эле. Эгерде өткөн жылкы чечимди кабыл алып иштесек, анда Кумтөр боюнча биз максатыбызга жетмек болчубуз.Ошол келишимди убагында бекитип койсок бүгүнкү күндө акциянын баасы 18-20 долларга жетмек.

Бирок саясат таанучу Орозбек Молдалиев Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргоого батыл киришип, Камеко менен соттошуудан чочулабаш керек деген пикирде:

Ушул жерде бүжүрөп көнгөн психологиябыз кала электигин белгилей кетким келет. Кээ бир аттуу-баштуу адамдарыбыз “бизди эл аралык сотко берсе, аякта бизге болушпай коет, бизди карабай коет, утулуп калабыз деген сөздөрдү айтып, элди коркутуп жатышат. Бул туура эмес.Биз өзүбүздүн позициябызды эл аралык сотто коргошубуз керек жана аны коргоп үйрөнүшүбүз керек. Ушул жерде Кубанычбек Исабековдун аракети туура болуп жатат жана биз ошону колдошубуз керек. Бул жерде канадалыктар өзүнө пайдалуу нерселерди кандай жолдор менен жасап алганынын чети көрүнүп турат. Андан коррупция көрүнүүдө. Чет элдик мамлекеттерде кайсы бир компания жергиликтүү бийликтерди коррупцияга байлап туруп, келишим түзгөнү тууралуу шек чыкса андай компаниянын аброю абдан түшөт. Муну алар билет. Бул чоң чууга алып келет дагы ал компания менен эч ким иштешпей коет. “Центерра голд инктеги” кызматтан кетүүлөр мына ошондон кабар берет. Болбосо чатак жаңы башталып жатканда, аны аягына чыгарыңыз деп, андан кийин кызматтан бошотууга барышмак.Бул окуялардын баары жөн эле кокусунан болуп аткан жери жок. Ошондуктан бул жерде эч чочулабай биз улутубуздун кызыкчылыгын колдошубуз керек.


АКШ базасы кеңейтилеби?

Өткөн жумада Кыргызстанда болгон дагы бир саясий-экономикалык окуянын да Америка континентине байланышы болду. Жума күнү Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жорж Кролл келип, кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөрдү.
Кызыгы бул сапардын алдында айга жеткен айгайлаган чуунун чыгышы болду. Сапар алдында жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу чыккан, көбүнчө Россиянын кызыкчылыгын коргогон саясат таануучулар “Жорж Кроллдун сапарынын максаты АКШнын Манастагы аба базасын кеңейтүү, ага Кытай, ШКУ каршы, Кыргызстан тышкы саясатында дурустап жүргүзө албай жатат” дегендей сындай, айыптоолор жаңырып кетти.

Мындай айыптоолор жүйөөсүз жана бир жактуу болгонун саясат таануучу Орозбек Молдалиев белгилейт:

Бир беткей гана реакция болду. Жалаң славян улутундагы эксперттердин пикирлери жарыяланды дагы калган эксперттердин пикирлери суралган жок. Алар албетте тескери реакцияларын билдирип, коркутуп-үркүткөнгө чейин барышты. Мисал үчүн бир эксперт сөрөй “Кыргызстанда базанын бардыгына Кытай тескери карап жатат” деп айтты. Ал эми Кытайдын пикири жарыяланбайт. Анда кайсы жерде Кытай каршы экени айтылбайт. Бул аргументи жок ажылдоолор болду. Экинчиден, Кытай биздин аймакта база болгонун жактырбаса, анда биз Кытайдын саясатына карап иш кылышыбыз керекпи? Бизди өз алдынча саясат жүргүзгөндөн кайтаргылары келип жатат дагы, кээ бир эксперт сөрөйлөр Кыргызстандын өкмөтүнө “мындай саясат жүргүзүш керек деп” жол көрсөткүлөрү бар. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе.

Ал эми АКШ дипломаты Жорж Кролл Бишкекте журналисттер менен маектешүүдө Вашингтон Манастагы аба базасын кеңейтүү максатын көздөбөйт деп билдирди:

Жок-жок. Андай максат жок. Кечээ мен Дүйшөмбүдө конференцияга катышып, регионго инвестицияны көбөйтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдүк. Ага кыргыз тараптан өкүл да катышты. Менин сапарымдын максаты таанышуу. Мен акыркы жолу Кыргызстанда 1996-жылы болгонмун. Андан бери көп убакыт өттү. Ошондуктан мен Кыргызстан жөнүндө бул жердегилерден уккум келет. Мен аба базасы тууралуу сүйлөшүү жүргүзбөймүн.

Бирок Кроллдун ишемби күнү өкмөт башчы Игорь Чудинов менен сүйлөшүүсүндө байкалгандай “базаны кеңейтүү” тууралуу чуунун негизи бар экени айгинеленди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Жорж Кролл сүйлөшүүдө базаны кеңейтүү жөнүндө маселе коюлбастыгын айтып, бирок аба майдандагы аскерий учактарды башка жерге жайгаштыруу зарылдыгы бардыгын билдирген. Албетте, бул эми базаны кеңейтүү эмес, бирок учактарды башка жерге которуу, же жайгаштыруу үчүн кошумча жер керектигинин АКШ тараптын каңкуулаганы. Игорь Чудинов бул маселе эки тараптын эксперттери тарабынан талданууга муктаж маселе деп жообун берген.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул окуялар ири мамлекеттердин Борбор Азияда кызыкчылыгы дагы арта баштаганын белгиси. Алар мунайга бай регионду жана анын ташып чыгуунун жолдорун көзөмөлгө алууга аракеттенүүдө. Мунай, газга баанын көтөрүлүшү менен ал күрөш кайрадан жандана баштады. Жергиликтүү талдоочулар, Кыргызстан мындай шартта өзүнүн улуттук кызыкчылыгын бекем карманыш керек деген пикирлерди айтууда.


Жаңы “Салык” кодексинин эскиден айырмасы эмнеде?


Өткөн жумада Кыргызстан парламенти жаңы “Салык” кодексин биринчи окууда кабыл алды.Бул “Салык” кодекси тууралуу Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбаевге бир катар суроолор менен кайрылган элек. Анда мына ошол маекти сунуштайбыз:

“Азаттык”: - Чыныбай мырза, Жогорку Кеңеш жума күнү жаңы “Салык” кодексин биринчи окууда кабыл алды. Бул жаңы “Салык” кодекси менен эски “Салык” кодексинин айырмасы эмнеде?

Чыныбай Турсунбаев: - Эң негизги айырмасы бул салыктын түрлөрүнүн азайышы. Андан кийин салыктын жүгүнүн, пайыздарынын азайышы болду. Маселен, кошумча нарк салыгынын 20%дан 12%га түшүүсү ишкерлерди кубандырып жатат. Ошол эле кезде айтып коюшубуз керек, мындай жеңилдиктерге казактын ишкерлери жыл сайын пайыздарды кыскартуу менен жетип келатат. Мына бул жылы алардыкы да 12% болот деп жатышат. Мындан сырткары “каскаддык” салыктар деп аталган жол салыгы,өзгөчө кырдаалдар үчүн салыктар жоюлууда. Бул жакшы нерсе. Бирок ошол эле мезгилде соода салыгынын киргизилиши биздин жүрөгүбүздү түпөйүл кылып жатат. Ачыгын айтканда ал деле ишкерликке, конкуренцияга тоскоолдук кыла турган оор салыктардан болуп калат. Бирок кандай гана болбосун жалпсынан мурункуга караганда прогрессивдүү, бир топ реформачыл салык мыйзамы болот. Ошондуктан биз андан ишкерлик үчүн ийгиликтерди күтүп жатканыбызды айта кеткибиз келет.

“Азаттык”: - Ушул “Салык” кодекси менен көмүскөдөгү экономиканын ачыка чыгуусуна шарт түзүлөбү?

Чыныбай Турсунбаев: - Менимче мурдакыга караганда кыйла жеңилдиктер болуп калат. Бир эле мисал, өткөн жылы өсүмдүк май, буудай, ун азыктары үчүн кошумча салыктын 10% төмөндөтүлүшү менен көмүскө экономикага каршы күрөштүн натыйжалуулугу арттып, конкуренциянын жеңил болушуна, ачык иштеп жаткан ишкерлердин өзүнө да, өкмөткө да пайда алып келип иштешине шарттардын түзүлүшү мындай аракеттердин канчалык натыйжалуу экенин көрсөттү. Ошон үчүн мен ойлоймун, мындан ишкерлер көп жакшы ийгиликтерге жетишет.

“Азаттык”: - Демек, бул “Салык” кодексинин киргизилиши менен Кыргызстанда ишкерлерге коңшу мамлекеттердегидей шарт түзүлөт экен да?

Чыныбай Турсунбаев: - Жалпысынан салыштырып айтканда туура. Казакстан, Россияда да ишкерлерге кыйла жеңилдиктер бар.Бизде да ошондой жеңилдиктер болот. Айрымдары алардыкынан да мыкты. Ачыгын айтыш керек жанагы “каскаддык” салыктардын алып салынышынан башка дагы бүгүнкү базар шартына жараша салыктардын киргизилип жатышын туура деп эсептейбиз.Мүлк салыгы, транспорт салыгы киргизилиши салык базасынын кеңейип, жүктүн тегиз жайылып жатышы, албетте бизде ишкерликтин өнүгүшүнө чоң өбөлгөлөр түзөт. Мындан тышкары тешкерүүлөрдүн “Текшерүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайыкталып жатышы, салыкты жылдан-жылга көп төлөп жаткандарга текшерүүчүлөрдүн барбашы сыяктуу позициялар бул салык кодексинин жакшы жактарын көрсөтүп турат.

“Азаттык”:- Мүлккө салыктын киргизилиши, жер салыгынын көтөрүлүшү карапайым элдин мойнуна салыкты жүктөө катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул эл ичинде нааразылыкты пайда кылбайбы?

Чыныбай Турсунбаев: - Эми биз ал салык жүктөрүн карап көрдүк, менимче ал өтө оор жүк эмес. Аны салууда диференция болуш керек деп белгиленген. Мисалы, пенсионерлерге, колунда жокторго көңүл бурулуш керек деген нерселер бар. Бирок менчиктери бар адамдарга, машина айдап жүргөн транспорт каражаттарынын ээсине, үйлөрү бар адамдар үчүн жанагы салыктын өлчөмү анчалык оор болбойт болуш керек.

“Азаттык”: - Чоң рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG