Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

12:45 Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 20-июндан тарта ишке киришти


“Кыргызтемиржолу” ишканасынын маалымдаганы боюнча каттам жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу жандандырылды. Бишкек- Балыкчы каттамы Ысыккөлдө эс алууну каалагандардын жол түйшүгүн жеңилдетет, баасы автоунаалардын жол киресине караганда алда канча арзан, деп маалымдайт “Кыргызтемиржолу” АКнын басма сөз кызматы. Анда айтылгандай Балыкчыга Бишкектен чоң адамдар 70 сомго, жаш балдар 35 сомго жете алышат.
Мындан тышкары жакында Ташкен-Балыкчы поезд каттамы жүрө баштоосу күтүлүүдө. “Кыргызтемиржолу” ишканасынын маалыматы боюнча бул өзбек тараптын демилгеси менен ишке ашырылмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG