Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

14:30 Кыргызстанга БУУнун тамак-аш жана айыл чарба уюмунан (FAO) өкүлдөр келет


Мындай макулдашууга айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев FAO жетекчиси Жак Дьюф менен Римде болгон жолугушууда жетишкен. Жолугушууда Кыргызстандагы үрөн жана асыл тукум чарбачылыгын өнүктүрүүгө уюм тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу сөз болгон. Уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанга келген учурда айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн кошумча гранттык көмөк көрсөтүү тууралуу да сөз болушу ыктымал, деп кабарлайт айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы.
Кыргызстан БУУнун тамак-аш жана айыл чарба уюмуна 1993-жылы мүчө болуп кирген. Ошол жылы FAO Кыргызстанды азык-түлүк кризисине тушуккан өлкө катары баалаган. Ал эми 2006-жылы FAO Кыргызстанды калкынын 5% гана ачкачылыкта жашаган азык-түлүк менен толук камсыздалган өлкө катары расмий тааныган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG