Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ОРУСИЯДА «ЯБЛОКО» ПАРТИЯСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ШАЙЛАНДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда «Яблоко» партиясынын жаңы төрагалыгына, 21-июнда, ал париянын Москвалык бөлүмүнүн жетекчиси шаардык думанын депутаты Сергей Митрохин шайланды. Ал Орусиядагы либералдык партия «Яблокону» негиздеген Григорий Явлинскийдин ордун басты. Явлинский болсо бул жолу өз ордун Митрохиндин пайдасына ыйгарып, орун талашуудан баш тарткан. Москва алдында өткөн партиянын эки күндүк курултайында жабык добуш менен Сергей Митрохин үчүн 75 делегат добуш берип, 50 делегат каршы чыгып, партиянын жогорку орунуна жаңы лидер шайланган. Орун талашууга катышкан питердик бөлүмдүн жетекчиси Максим Резник менен карелдик бөлүмдүн жетекчиси Василий Поповдорду колдогондор аздык кылган.

Орусияда айтылуу либерал Григорий Явлинский өзү негиздеген партиясынын төрагалыгынан кетти. Алтынчы күнү ачылган «Яблоконун» XY-курултайы ошол түнү да уланып, кезмет партиянын жетекчисин шайлоого келгенде, ат салышууга Явлинский баш болгон 4 талапкер көргөзүлгөн. Ошол жерде Явлинский сөз алып, өзү үчүн таш салууга ниети барларды Сергей Митрохинге добуш берүүгө үндөп, орун талашуудан баш тарткан.

Айта кетчү кеп Григорий Явлинский өзү түзгөн партиясын он беш жыл бою жетектеп келе жаткан. Жашырын өткөн таш салууда 125 делегаттын басымдуу көбү Маскөө бөлүмдүк жетекчи Сергей Митрохинди колдоп чыгышкан.

Орусиялык саясатчылар менен коомдук ишкерлер Григорий Явлинскийдин өзү түзгөн партиясын таштап кетүүсү боюнча ар кыл ой айтышууда. Алган багыты бир, түшкөн жолдору чукул, Оңчул күчтөрү союзунун жетекчилеринин бири Леонид Гозман айтканга караганда, ал үчүн Явлинскийдин жазаган кадамы күтүүсүздөн болду, эми «Яблоко» башкача партия болот. Баса, СПС канча жолу «Яблоко» менен биригүү демилгесин көтөрүп, бирок берки париянын жетекчилиги аны четке кагып келаткан.
Көчөдө кепте болсо демократтар биригиши эми башталат дешет. А дагы бирлери, азыркы Кремлдик режим барда Орусияда либерализмди муунтуу уланат дешет.

Явлинский курултай үстүндө сүйлөгөн сөзүндө, «Яблоко» партиясына каршы маалымат согушу жүрүп атат, аны мамлекет эмес эле фашисттерди жана улутчулдарды колдошкон күчтөр жүргүзүшүүдө» - деген. Ошондуктан андай кыймыл, партиялар менен жакындашуу такыр туура эмес дейт:

- Улутчулдар, большевиктер жана сталинчилдер менен партия альтернативалуу чечимге бара албайт.

Анын каршысында ал партиянын Санкт-Петербургдук бөлүмүнүн жетекчиси М. Резник айтканга караганда кандай гана күч болбосун ага кошулуп тилекке жетүү оң:

- Биз коомчулукка Григорий Явлинскийдин партиясынан бириккен демократтарды карай бет алганыбызды көргөзүшүбүз керек.

Анализчилер талдоосунда либералдык партиянын ичинде бөлүнүп жарылуу башталган. Дагы бирөөлөр баамында «Яблоко» лидерин алмаштырып ошону менен алдыда жүргүзө турган саясий ишкердиктин стратегиясын алмаштырып атат.

Ошондой болсо да ал партия лидери Явлинскийдин өз ыктыяры менен төрагалыктан түшүп берүнөн улам ар кыл кеп пайда болууда. Ага табасы кана ой айткандар ЛДПР лидери Владимир Жириновский менен КПРФ лидерлеринин бири Иван Мельников болушкан.
Хельсинки тобунун Маскөөдөгү бөлүмүнүн жетекчиси Людмила Алексеева болсо, «Явлинскийдин кадамы өзү үчүн оор болгон, ошого карабай ал «акыл менен иштелген жакшынакай» кадам болгон»,- деген.

XS
SM
MD
LG