Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

ТИБЕТ АРКЫЛУУ ОЛИМПИАДА ОТУН АЛЫП ӨТКӨН КЫТАЙ ДАЛАЙ ЛАМАНЫ АЙЫПТАДЫ


Кубатбек Чекиров, Прага Үч ай мурда эле Кытай бийлигине каршы элдик нааразылык болуп күч менен басылган Тибеттин борбору Лхаса шаары кечээ ишембиде олимпиада отун коопсуздуктун абдан күчөтүлгөн шартында тосту. Бүгүн олимпиада оту коңшу Цинхай аймагына өткөрүлдү. Бул окуяга байланыштуу өткөрүлгөн салтанатта чыгып сүйлөгөн коммунистик партиянын төбөлдөрүнүн сөзү тибеттиктердин бозгундагы рухий жолбашчысы Далай Ламага каршы айыптоолор менен коштолду.

Олимпиаданын отун алып келүү каадасы Лхаса шаарындагы Потала сарайынын жанында коопсуздук чаралары абдан күчөтүлгөн шартта эки сааттын ичинде эле аяктады. Бул жерге, албетте, кылдат текшерилген адамдар гана иргелип алынган. Чет өлкөлүк кабарчылар ал жакка дээрлик жолотулган жок. Болгону 30 дай гана чет элдик маалымат каражаттарынын окулдору бул салтанатты жеринен чагылдыра алды.Салтанатта Тибет Комммунисттик партиясынын жетекчиси Чжан Цинли Бээжиндин Тибеттеги саясатын актап сүйлөдү.

"Жаңы социалисттик Тибеттин өнүгүшүн эч нерсе токтото албайт. Тибеттин асманы дайыма өзгөрбөй тура берет жана бул жакта беш жылдыздуу кызыл туу дайыма желбиреп турмакчы».

Чжан Цинли сүйлөгөн сөзүндө мүмкүнчүлүктү жаза кетирбей тибеттиктердин бозгунда жүргөн жолбашчысы Далай Ламага карата Бээжиндин турумун эскертип айта кетти.

«Далай Ламанын бир ууч тобунун жикчил бузук ой-пландарынын быт-чытын чыгаруу, Тибеттеги социалдык туруктуулукту жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу, Бээжиндеги олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө салымызды кошуу, албетте, биздин колубуздан сөзсүз келет».

Маалыматтарга караганда, ишемби күнү Далай Ламанын бозгундагы өкмөтү туруктап келаткан Индиянын түндүгүндөгү Дхарамсала шаарында Кытай бийлигине каршы чакан топ нааразылык жыйынын өткөрдү. Бул иш чара маалында Тибетти тепселеп аткан Кытайды көрсөткөн көркөмдөлгөн театрлаштырылган көчө оюну элге тартууланды.

Кытайдын жетекчилиги Далай Ламаны Бээжинде 8-августта ачыла турган олимпиадалык оюндарды үзгүлтүккө учуратуу үчүн элди тополоңго тукуруп жатат деп айыптап келатат. Тибеттин руханий лидери өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагууда.

Март айында Тибеттин жергиликтүү тибет улутундагы тургундары нааразылык чараларын уюштуруп, элдик толкундоо күч менен басылган. Кытайдын өкмөтчүл маалымат каражаттары март окуяларына байланыштуу бийлик тарабынан кармалган миңден ашык тибеттик бошотулганын маалымдашты. Ал эми 116 адам дагы эле кармоодо жана сот жообуна тартылган турушат.

Бүгүн жекшембиде олимпиада оту өз сапарын коңшу Цинхай аймагында улантты. Өнөр жайлуу шаар Голмудда салтанат үөткөн соң олимпиаа оту Цинхай көлүнө алынып келинип, андан соң Цинхай аймагынын борбор шаары Шининде чоң салтанат болот. Бул аймакта тибет, түрк тилдүү салар, монгол,дунган, ханзулар жашайт.

XS
SM
MD
LG