Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

8:11 Шаардык милиция “Дефакто” гезитинин компьютерлерин бүгүн кайтарып бериши мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин адвокаты Нина Зотова тергөөчүнүн убадасына таянып билдирди. Гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекова компьютерлер кайтарылса гезит кайрадан чыга баштайт деп билдирди. Анын айтымында, гезиттин фото жана жазма архивдери камакка алынган компьютерлерде сакталгандыктан, жамаат гезиттин акыркы эки саны чыкпай калды. Бишкек шаардык прокуратура өткөн аптада “Дефакто” гезитине жалган ушак таратты деген айып менен кылмыш ишин козгоп, анын негизинде шаардык милиция кеңсени жаап, компьютерлерин алып кеткен. Гезиттин жамаатына сурак ишемби күнү бүткөндүгү буга чейин маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG