Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Муса Мураталиев, Москва Улуу Британияда чыгуучу аналитикалык басылма Jane's Intelligence Digest жазганга караганда орусиялык атайын кызматтын пайдысына иштечүлөр КМШ өлкөлөрдүн бардык тармактарына жайылып кеткен. Анын башкы себеби мурдагы советтик республикалардын ордунан пайда болушкан мамлекеттердин атайын кызматтагы кадрлары болбошунан улам деп айтылат. КМШ өлкөлөргө Москванын улам бир биргелешкен уюмдарды түзүп мамилесин жаңылоо андай жагдайдын тегирменине суу куйгандай көрүнүш делет.

JID басылмасы жазганга караганда Шериктештикке кирген мамлекеттер коопсуздугу дагы эле Маскөөнүн чоң чеңгели ичинде. Андай жагдай ал мамлекеттердин жаңыдан торолуп телчип атышы себепчи.

22-майда Орусиялык президент Дмитрий Медведев иш сапары менен Астанага барар алдында Казакстандын улуттук коргоо комитетинин жетекчиси Амангелди Шабданбаев өлкөнүн коопсуздук кызматы Маскөө менен тыгыз байланышта деген кебин мисалдар менен бышыктап көргөзгөн. Мунун өзү Владимир Путин сыңары мурда КГБда кызмат өтөбөсө да Медведев, өзүнө чейинки үйрөнгөн адаттан четтей койбостугунан кабар берди.

Күңкорсуз мамлекеттер Шериктештигин түзчү өлкөлөрдө күч органдары түзүлүп атканда, ага кызматкерлерди мурдагы КГБнын кишилеринен алышкан. Алар Лубянка үчүн тунук эшик экенин эске алышкан эмес. Эмне дегенде алардын өз кадрлары болгон эмес. Арадан убакыт өткөндө эми ал адат саясий кызыкчылыкты кучагына алганы кеп болот.

Ал максат менен Шериктештик жаатында азыр кыйла уюм, маселен: Евразиялык Экономикалык, Биргелеш коопсуздук келишим, Шанкай кызматаштык уюму түзүлүп иштеп атышы айтылган. Маскөөөн кол үзбөө үчүн шылтоо эми ошолор болуп атканы кеп болгон.

1995-жылы март айында алгач ирээт КМШ жаатынын коопсуздук кызматтарын тейлеген жетекчилер олтурму өткөн. Көп өтпөй атайын кызматтар кеңеши түзүлүп ал террорчулук, курал сатуу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү жүргүзүүдө аны тескеп туруучу жетекчилик уюштуралы деп маакулдашышкан.

2000-жылы апрелде, кенсеси Бишкекте, КМШ өлкөлөр террорчулукка каршы күрөшчү борбору ачылган. Анын ишкердиги мурдагы советер союзунда мусулмандар турчу аймакта ашынган исламчылар менен,а кийин экстремисттик көрүнштөр менен күрөшүүгө багытталган.

Шериктештик ичинен Маскөөгө ыкташкан өлкөлөр: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзүбекстан. Ал мамлекеттер ички иштер министрлигинен тартып чегара, чалгындоо кызматтарына дейре тыгыз байланышып, үзбөй бири-бири менен маалымат алмашып турушат.

Күңкорсуз мамлекеттер Шериктештигине 2007-жылдын октябрынан тартып, Кремл бийлиги ылым санаган, Бежин аралаша баштады. Шанкай кызматташтык уюмунун пайда болушу кыйланы кулак түргүзгөн көрүнүш болду, бирок КМШ мүчөлөрү арасында аны жерүү болгон жок.

«Азаттык» мындай жакындашуунун арты эмне менен бүтөрүн жана анын канчага созуларын сурамжылап акерий эксперт Александр Гольцко кайрылганда ал буга окшогон алаканын чыйралып же жанып кетиши ар бир мамалекеттин саясий эркине жараша болот дейт. Маселен:

«Азыркы тушта Украина менен Орусиянын, Грузия менен Орусиянын атайын кызматындагылар байланышта болушун көз алдыга келтирүү мүмкүн эмес»,- дейт Александр Гольц мырза.
XS
SM
MD
LG