Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

АЙЫЛЧЫ САРЫБАЕВ: ЖАКЫР КАТМАРДЫН САНЫ ӨСҮП БАРАТАТ...


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Азык түлүк баалары күн санап кымбаттап, элдин турмушу улам жакырданып баратканы айтылууда. Азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселе жарандык коом менен бир катар саясий партиялардын бүгүнкү жыйынында да талкууланганы жатат. Өлкөдөгү азык түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде экономика илимдеринин доктору, белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев менен баарлаштык.

- Айрым серепчилер азык-түлүк баалары күн санап кымбаттап жаткан азыркыдай шартта алдыдагы күз Кыргызстан үчүн бир топ оор болушу мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Сиздин баамыңызда, мындан аркы кырдаал кандай болушу ыктымал?

-
Эми күз эмес, азыр деле оор болуп баратат. Былтыртан бери мына баалар токтобой эле өсүп келатат. Бул эми оппозиция же позиция эмес, өзүн сыйлаган бардык мамлекеттердин эле проблемасы болуп калды. Бул албетте абдан оор маселе. Азык-түлүк бааларынын кескин өсүшү биздин элдин жакырчылыгын өтө кескин көбөйтүп, азыр жакыр катмардын саны өсүп баратат. Көпчүлүк эл сатып ала албагынан азык-түлүктөр базарларда туруп калды, элдин көпчүлүгү нанды да аз алып калганы байкалууда. Жай келгени кум шекер да кымбаттады. Чынында элдин абалы оор. Бул албетте биздин өлкөдөгү абалдын оор экенин көрсөтүп турат.

- Сиздин оюңузча, ошол кризистин алдын алуу, андан чыгуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек.

Тилекке каршы, биз азыр кризиске кирип келдик. Ага жол бергендердин баары кайра башкаруу системасында отурат дагы, өздөрү кайра элге, же дүйнөлүк баага, же болбосо коррупцияга шылтоолоп коюшат. Өздөрү жол беришет дагы кайра андан чыгуунун жолдорун издеп отурушат. Андыктан эң биринчи ошол кадр саясатынан башташыбыз керек. Компетенттүү адамдар келип, кризистен чыгуунун жолдорун карап, иштетпесе бизде азыр мындай абалдан чыгуу мүмкүн эмес.

- Өткөн жумада парламент “Азык түлүк коопсуздугу боюнча” мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда калктын жакыр катмарына колдоо көрсөтүү да каралган. Ушул мыйзам азык түлүк каатчылыгынын алдын алууга канчалык таасир эте алат?

-
Эч кандай таасир бере албайт. Бул эми сөөк ыргыткандай майда-чүйдө бир нерсе. Көмүскө экономика басымдуулук кылып, көмүскө экономиканы башкарып жаткандардын таасири күч болуп турган азыркыдай шартта мындай чечимдердин пайдасы тийиши кыйын.


- Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG