Аталган аскердик аба базанын коомчулук менен байланышуу кызматы тараткан маалыматка ылайык, 21-июнь күнү КС-135 үлгүсүндөгү май куюучу учагы авариялык кырдаалдан улам 31 тонна күйүүчү майды тоолуу аймакка төккөн, аба базанын жетекчилиги бул тууралуу Кыргызстандын расмий бийлигине маалымдаган. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй “Манас” аба базасынын 276-абаэкспедициялык канатынын командири Кристофер Бенс АКШнын аскердик аба базасы 2005-жылдан бери Кыргызстанга май төкпөгөндүгүн, бул - алардын айлана-чөйрөгө олуттуу мамиле кылгандыгын көрсөтүп тургандыгын билдирген.
КС-135 учагынан май 7300 метр бийиктиктен төгүлгөн, аскердик аба базанын адистери мындай бийиктиктен төгүлгөн май жерге жетпей, абага сиңип жок болуп кетерин белгилешүүдө. (ZKo)
КС-135 учагынан май 7300 метр бийиктиктен төгүлгөн, аскердик аба базанын адистери мындай бийиктиктен төгүлгөн май жерге жетпей, абага сиңип жок болуп кетерин белгилешүүдө. (ZKo)