Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Бийликке таасир көрсөтүүнүн мыйзамдуу ыкма, жол-жоболорунан эч кандай натыйжа чыккан жок. Азыркы бийлик көпчүлүк катышкан көчө жыйындарынын гана талабын угат. Мындай пикирлер 23-июнда Бишкекте өткөн бейөкмөт уюмдар менен саясий партия жетекчилеринин “тегерек үстөл” жыйынында арбын айтылды. Анда энергетикалык, азык-түлүк каатчылыгына кабылган өлкө --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/7393B050-0A5F-4E2E-807B-22405416959C.asp кайра дагы революциялык жагдайга жакындап баратканы белгиленди.







“Интербилим” борборунун жетекчиси Елена Воронина 2005-жылы эле бийлик эгедерлерине 250гө жакын кайрылуу, өтүнүчтөр жолдонгонун, толгон-токой жолугушуулар өткөнүн, бирок да андан көпчүлүк күткөн майнап чыкпаганын маалымдады.

- Кызыкчылыктарды коргоонун цивилизациялуу ыкмаларынын баарын колдонуп көрдүк. Улуттук, эларалык турмушта болгондун баарын пайдаландык. Бүгүн биз кризиске капталып отурабыз. Өлкө бийлик кризисине, ишеним кризисине, экономикалык-социалдык жана башка кыйынчылыктарга белчесинен батып олтурат.

Үч жылдан бери ишеним артып келаткан азыркы бийликтен көңүлү калганын “Эркиндик” партиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиев да жарыя кылып, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун үч жолун сунуш кылды.

- Мүмкүн К.Бакиевге саясий партия, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен ачык талаш-тартыш өткөрүүнү сунуш кылуу керектир. Мындайга ал бара алабы, билбейм. Бул июль же сентябрь айында болсо. Экинчиси, чындап иштей ала тургандардан куралган коалициялык өкмөт түзүү керек. И.Чудиновдун өкмөтү кечээ эле Айдар Акаевдин жанында жүргөндөрдөн түзүлгөн. Өкмөттө коррупциячылар отурушат.

Т.Тургуналиев К.Бакиев оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнөн турган ортолук комиссия түзүүнү кошумчалады. Ал комиссия энергетика тармагын азыркы ахывалына кимдер жеткизгенин так иликтеп, жалпы эл алдында күнөөлүүлөрдүн атын аташы керек. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов антип жалаң көйгөйлөргө көңүл оодарбай, негизги маселеге токтолуш туура болорун ырастады.

- Мен айтар элем, андай көйгөйлөрдүн миңин тапса болот. Шорубуз анда эмес. Балээнин баары болгон бийликтин бир колго топтолуп калгандыгынан чыгууда.

Орто жана чакан ГЭСтерди куруу мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Феликс Кулов азыркы өкмөт ишке ашырчу менчиктештирүүдөн башка тармакты өнүктүрүүнүн өзгөчө жолу жок экендигине басым жасады.

- Эки чоктун ичинен азыраагын бөлүп алган оң. Менчиктештирүүгө болбойт, бирок жеке колго бербей коюу да туура эмес. Мындай шартта менчиктештирүү жөнүндөгү чечим туура деп эсептейм.

Тармакты өнүктүрүүнүн алдагыдай опуртал жолуна Кыргызстандан озунуп кошуна Казакстан өткөн. Аягы мурда сатылган энергетика объекттерин мамлекеттин өзү үч-төрт эсе кымбат баага сатып алышка мажбур болгону менен бүттү.

Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Карыпбек Алымкулов ушу тапта өзгөчө үмүт артылып арткан орто жана чакан ГЭСтерди куруу энергетикалык таңкыстыкты жое албастыгын айтты. Мындай аракет өткөн кылымдын 60-жылдарында социализм тушунда деле жасалган. Бирок да экономикалык пайда-зыяны иликтенген соң токтотулуп салынган.

Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева энергетика тармагынын менчиктештирилиши ачык өтүшү керек деп эсептейт.

- Аны Ф.Кулов мактап атат го. “Болсун” деп жатат. Бирок бул болсо ачык түрдө өтсүн.

Айтса, менчиктештирүү программасына кирген “Түндүкэлектр”, “Бишкек жылуулук борбору”, “Бишкек жылуулук тармагы” кандай шартта жеке колго өтөрү көпчүлүккө белгисиз. Күзгө жуук жеке колго өтчү “Бишкек жылуулук борборунун” кышка даярдыгы да бүдөмүк. Алдагыдай кризистик абал көпчүлүктүн нааразылыгын күчөткөндөн башкага жарабасы жыйында көп айтылды.
XS
SM
MD
LG