Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Жекшембиден дүшөмбүгө караган түнү миңдеген испаниялыктар көчөгө чыгып, өз футбол курамасынын чейрек финалда италиялык кураманы жеңгенин майрамдашты. Испания 1984-жылдан бери Европа чемпионатынын жарым финалына чыгыша элек болчу. Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын көбүнүн Италия утушка ээ болот деген ишеними акталган жок.

Жүз миңдеген испаниялыктар дүйшөмбүгө караган таңда өлкө курамасынын чейрек финалда дүйнө чемпиону италиялык футболчулар тобун утушун улуттук футбол майрамы катары белгилешти.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти, мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин пикиринде Европа чемпионатында Германия, Орусия жана Түркия жакшы оюн көрсөтүшсө, бул ирет италиялыктар күйөрмандардын ишенимин актай алышпады.

Бул беттешүүдө негизги жана кошумча убакыттарда эсеп ачылбай, эки команданын чабуулдарынан майнап чыккан жок. Адистердин айтымында алар өтө аяр ойноп, коргонууга өзгөчө көңүл бурушту.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн акыры жекеме жеке топ тебүүгө аргасыз болушту. Испаниянын дарбазачысы Икер Касильяс өз күйөрмандарын чексиз кубанычка бөлөп, италиялыктардын эки тобун дарбазага киргизбей тосуп, командасын жарым финалга алып чыкты.

«Аалам» гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде чейрек финалда италиялыктарга караганда испаниялыктар жакшы ойноп, жарым финалга чыгуусуна дарбазачысы Икер Касильяс зор салым кошту:

- Бул эки команда теңата ойноду. Испаниянын дарбазачысы Икер Касильяс өз күйөрмандарын чексиз кубанычка бөлөп, италиялыктардын эки тобун дарбазага киргизбей тосуп, командасын жарым финалга алып чыкты. Чынында эле ал мелдештин башкы каарман болуп, командасынын жарым финалга чыгуусуна зор салым кошту.

Кыргызстандык айрым футбол күйөрмандардын айтымында Италия жана Испания курамаларынын чейрек финалдык беттешүүсүндө жарк эткен учурлар болбой кызыксыз өттү. Бирок эми испаниялыктар финалга чыгып, чемпиондукка талапкер болушу да ыктымал.

Алмаз:- Чынында эле испаниялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экени талашсыз.

Эми 25-июнда биринчи жарым финалдык беттешүүдө Германия менен Түркиянын футболчулары беттешет.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча башкы машыктыруучу Бактияр Бокошевдин пикиринде Германия менен Түркиянын беттешүүсүндө германиялыктар ийгиликке жетүүсү ыктымал.

Европа чемпионатынын экинич жарым финалдык оюндар 26-июнга белгиленип, мында Орусия менен Испаниянын курама командалары мөрөй талашат.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG