Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Freedom House уюму Россияны, Казакстанды жана Азербайжанды демократиялык процесстерди кечеңдетип жатканы үчүн сынга алды. Аталган үч өлкө кара майдын сатыгынан арбын киреше алууда, ошол эле учурда жарандардын эркиндигин жана коомдук уюмдардын иштерин катуу чектеп салды, деп айтылат Freedom Houseтун жаңы докладында.

Freedom Houseтун доклады эртең жарыяланат. Документте постсоветтик аймактагы адам укуктарынын абалы баяндалат. Freedom House бул жолу Россияны, Казакстанды жана Азербайжанды өзгөчө катуу сынга алган.

Докладдын авторлору Россияда “ үчкүлдүү темир чеңгел” пайда болгонун белгилешет. Мындай аныктаманы америкалык саясат таануу чөйрөсүндө адатта мыйзам чыгаруу, бюрократия жана лоббисттик топтор ортосунда жең ичинен түзүлгөн мамилеге карата колдонушат. Россиядагы “үчкүлдүү темир чеңгелге” Freedom House мамлекеттик бийликти, эң ири компаниялардын жогорку төбөлдөрүн жана күч колдонмо органдардын жетекчилерин кошот. Докладда ушул “үчкүлдүктүн” үстөмдүгү саясий оппозицияны жана басма сөз эркиндигин ооздуктап, шайлоо процессин кедерине кетирип, “авторитардуу капитализмди” бекемдеп жатканы айтылат. Россиядагы сот системасын Freedom House адилеттиктен дегеле алыс турат деп эсептейт.

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы асмандап баратканын Freedom House Россиядагы авторитаризмдин күч алышына алып келген башкы фактор катары карайт. Кара майдын сатыгынан түшкөн эпсиз киреше Россиянын экономикалык каркынын чыңдап, ага башка өлкөлөр, айрыкча коңшу-колоңдору менен күчкө салма мамиле түзгөнгө мүмкүндүк берүүдө.

Freedom House мунайдан түшкөн байлык Казакстан менен Азербайжанда да негизинен эркиндикти чектөөгө шарт түзүп жатканын белгилейт. Аталган эки өлкөдө тең, мисалы, оппозициялык маанайдагы басылмалар калбай баратат. Башкаруучу элита көз карандысыз сот системасынын калыптанышына да чоң каскак түзүүдө.

Freedom Houseтун докладына төмөнкүдөй фактыларды кошумчалай кетүүгө болот: Россиянын мамлекеттик думасында азыр телеканалдарда коомдук кеңеш түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралганы жатат. Бул демилгенин сынчылары муну мамлекеттик цензураны жайылтуунун жаңы ыкмасы катары баалашты. Алар кийин барып коомдук кеңештер башка маалымат каражаттарына киргизилиши ыктымал, андан соң Кремлдин бул өрнөгү постсоветтик аймакка таралышы ыктымал деп чочулашат.

Азербайжандагы 'Azadliq' гезитинин кабарчысы Акил Халил жакында эл аралык Мунапыс уюмунун атайын сыйлыгына арзыган эле. Бирок аны бийликтер ошол замат өлкөдөн чыгуу укугунан ажыратылган адамдардын тизмесине киргизип салышты. 'Azadliq' – Азербайжандагы азыркы режим менен күрөшүп,анын терс иштерин сынга алган жападан жалгыз басылма,- деп айтты Халил. – Адегенде гезиттин башкы редактору, андан соң дагы бир автор камалды, редакциянын эки кызматкерине иш козголду. Эми мага кезек келгенсиди. Буерде максат - өкмөттү такай сынга алып келаткан 'Azadliqды' жабууда турат”.
XS
SM
MD
LG