Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Франция президенти Израил парламентинде сөз сүйлөдү


Николя Саркозинин айтымында, оккупацияланган аймактарда жөөт конуштарын курууну токтотуу - палестиналыктар менен тынчтыкка жетүүдөгү эң маанилүү маселе. Ал ошондой эле узак мөөнөтүү тынчтык Палестина мамлекетин түзүүнү талап кыларын баса белгиледи. Саркози учурда иш сапары менен Израилде жүрөт. Бул - француз президентинин эки тараптуу алакаларды бекемдөө үчүн Израилге акыркы он эки жылда биринчи ирээт барышы. Николя Саркози ошондой эле эртең Иордандын Батыш жээгине барып, палестин президенти Махмуд Аббас менен да жолугушуусу каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG