Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Ливандын түндүгүндөгү уруштарга бүгүн экинчи күнгө аяк басты


Триполи шаарындагы кагылыштардан, соңку маалыматтарга караганда, алты адам өлүп, ондогондору жаракат алды. Өз ара каршылашкан жергиликтүү топтордун согушкерлери пулемет жана гранатаметторду колдонушууда. Армиянын бөлүктөрү кан төгүүнү токтотууга аракеттенип жатышат. Өкмөттү жактаган суннит топтору менен "Хезболла" уюмуна жантарткан согушкерлер ортосундагы атышууларга бүгүн экинчи күнгө аяк басты жана мындай окуя "ок атышууну токтотуу" жөнүндө мурда жетишилген макулдашууга карабай орун алып олтурат. Бул аралыкта премьер- министри Фуад Синиоранын улуттук биримдик өкмөтүн түзүү аракети да ишке аша элек.

XS
SM
MD
LG