Батыш Ооганстандагы эл аралык күчтөр жайгашкан жайдын жанында турган автоунаадагы бул жардыруудан дагы ондон ашык адам жарат алды. Ооган өкүлдөрү Герат аймагында болгон бул окуяда чет өлкөлүк аскерлер жарат алган-албагандыгы тууралуу маалымдай элек. Талибдердин өкүлү бир нече аскер өлгөнүн айтууда. Ал эми АКШ күчтөрү 20-июнда Ооганстандын Пакистан менен чектеш жеринде өткөн аскерий операция учурунда 55 талип козголоңчусу жок кылынганын, анын ичинде үч лидер бар экендигин кабарлады.