Анын ичинде Ирандын эң ири Мелли банкынын Европадагы ишмердүүлүгүнө да тыюу салынат. Буга уранды байытуу аракеттерин токтотуу боюнча эл аралык чакырыктардан Тегерандын баш тартышы түрткү болууда. Батыш мамлекеттери уранды байытуу өзөктүк куралдардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.