Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

МАМЛЕКЕТ БОЛО АЛБАЙ ЖАТКАН МАМЛЕКЕТТЕР


Тынчтык үчүн фонд (FfP) уюму “мамлекет” деген түшүнүктүн азыркы замандагы чен-өлчөмдөрүнө толук жооп бере албаган өлкөлөрдүн кезектеги жадыбалын жарыялады. Дүйнөдөгү 177 өлкөнүн алтымышы бу жолу чабал мамлекет деп табылган. Алтымыштын арасында Борборазиядан бир гана Казакстан жок. Кыргызстан жадыбалда 39-орунга коюлган.

Жадыбалдын топ башындагы 20 өлкөнүн ичинде борборазиялык экс-совет республикаларына коңшулаш Ооганстан менен Пакистан гана бар. Калгандары өңчөй азиялык,көбүнесе африкалык өлкөлөр. Сап башына быйыл Сомали чыккан. Анын мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү баарынан төмөн бааланган.

Жадыбалдагы алсыз аталган өлкөлөрдүн баары эле табигый же башка күтүүсүз кырсыктардан улам гана чабал деп бааланбайт. Изилдөөдө ар бир өлкөнүн социалдык, саясий, экономикалык жана аскерий чөйрөдөгү абалы он эки позициядан каралат. Мындан тышкары өз коопсуздугун камсыздоо жөндөмү, ички өзгөчөлүктөр менен күтүүсүз коркунучтар мүмкүндүгү, жаңжалдуу аймактарга жууктугу жана башка факторлор эске алынат.

Аталган көрсөткүчтөрдүн жалпы суммасында Өзбекстан 93.4 балл менен жадыбалда 26-орунду ээлеген. Ички стабилдүүлүккө коркунуч келтирген он эки фактордун көбү Өзбекстанда кыйла жогору деп бааланган. Тажикстан жадыбалда быйыл Өзбекстанга караганда дээрлик он эки тепкич жогору турат – ага 38-орун тийген. Кыргызстан болсо түштүктөгү коңшусунан бир орун өйдө коюлган, бирок былтыркы көрсөткүчүнөн үч тепкичке ылдыйлаган. Былтыркы жадыбалда Кыргызстан 41-орунда,башкача айтканда, Түркмөнстан менен дээрлик тең катарда турган эле.

Түркмөнстан быйылкы изилдөөдө региондогу төрт өлкөдөн бир нече тепкичке жогору көтөрүлгөн. Бул өлкөдө айрыкча калктын аргасыз жер которуу кыймылы коңшуларга караганда салыштырмалуу кыйла төмөн деп бааланган. Бирок кийинки докладда бул жагынан Түркмөнстандын көрсөткүчү өзгөрөт болуу керек. Атап айтканда,түркмөн бийликтери Өзбекстан менен чектешкен аймактардан, айрыкча Ташауздан жергиликтүү калкты өлкөнүн башка райондоруна көчүрүү ишин баштады.Бул жерлерде ырасмий Ашхабад чек ара зонасын түзгөнү жатат.

Болгарияда жайгашкан Түркмөнстан Хелсинки корунун башчысы Тажигул Бегмедова калкты эбактан бери отурукташып калган жерлеринен козгоп, күчкө салып көчүрүү ишин адам укуктарынын тургай эл аралык мыйзамдардын да одоно бузулушу деп атады жана муну бийликтердин эки жүздүү саясаты катары баалады.

Быйылкы изилдөөгө былтыркыдай эле дүйнөдөгү 177 өлкө киргизилген, алардын 60ы Тынчтык үчүн фонд (FfP) уюму колдонгон усул боюнча жалпысынан алсыздар деп аталат. Бирок “алтымыштын” тобу да 20дан үч топко бөлүнүп, биринчиси – айласыз чабал, экинчиси – орто чабал,үчүнчүсү – дээрлик чабал катары бааланат. Алтымыш чабалдын арасына бул жолу Израил да киргизилген.
XS
SM
MD
LG