Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Амирбек Усманов, Прага Ирандын мурдакы руханий көсөмү Аятолла Рухалла Хомейнинин «Осуятын» басууга жана жайылтууга Орусияда тыйуу салынды. Өлкөнүн сот бийликтери «Осуятты» дагы башка тогуз эмгекти элди зобун- зордукка, экстремизмге, диний бөлүп жарууга жана жек көрүүчүлүккө чакырат деп тапкан. Мунун менен Орусиянын федералдык каттоолор кызматынын кара тизмесине кирген коомчулук үчүн коркунучтуу эмгектердин саны 151 болду.

Орусиянын бийликтери өткөн 2007- жылдын 14- июлунда алгачкы ирет 14 макала, китепче, эмгекти экстремисттикке чакырат деп өлкөдө басууга жана таратууга тыйуу салган. Бир жылга жетпеген аралыкта элди зобун- зордукка түртөт деген эмгектердин саны дээрлик 11 эсеге көбөйүп, июнь айында 151-ге чыкты. Бул «кара тизмеге» Ирандын мурдакы руханий көсөмү, аятолла Хомейнинин 1980- жылдары жазылган «Осуяты», атактуу түрк уламасы Беди-уз- Заман Саид Нурсинин 14 китеби кирди. Баса, Орусиянын соту биринчи тыйуу салган китеп, 17-кылымда Осмон султандыгы доорунда жазылган «Китаб ат- Таухид» же «Жалгыз кудай китеби».

«Азаттык» радиосунун Түндүк Кавказ кызматынын башчысы Аслан Дукаев Саид Нурсинин эмгектери мусулмандарды башка диндеги элдер менен ырыс- ынтымакта жашоого чакырат:

- Саид Нуринин эмгектери мусулмандарды батыш тарсалары жана башка диндеги элдер менен жакшы мамиледе болууга, билимин өркүндөтүп, дилин агартууга үндөйт. Саид Нуринин жолдоочулары өтө байистүү келип, турмушка кеңири жана таразалап карашкандыктан, аларды экстремисттерге жана радикалдарга кошуп болбойт.

«Кара тизмени» жарыялаган Орусиянын федералдык каттоо кызматы Хомейнин «Осуяты» жана Нурсинин эмгектери эмне себептен тыйуу салынганын өз сайтында түшүндүргөн жок. Белгилей кетчү нерсе, «Осуят» буга чейин эч бир өлкөдө тыйуу салына элек болчу. Ал эми Нурсинин жактоочулары Түркияда жүз миңдеп саналат.

Москвалык таанымал серепчи Алексей Малашенко аталган эмгектерди экстремисттик деп атоону наамалык деп баалады.

Былтыр 21-майда Москваынын сотторунун бири Нуринин 14 эмгегин тыйуу жөнүндө өкүм чыгарганда, Орусиянын бардык муфтийлери жана көптөгөн диний эксперттер, атүгүл өлкөнүн акыйкатчысы Владимир Лукин соттун чечимине макул болушкан эмес. Лукин атайын кайрылуу да жасаган.

Москвада чыгуучу «Газета» басылмасынын жазышынча, соттун Хомейнинин «Осуятын» тыйуусуна аятолланын көзкарандылыктын бардык формаларын жок кылуу үчүн чечкиндүү аркеттенүүгө чакырган сөздөрү негиз болгон. Орусиялык интернет- басылмалардын кабарлашынча, «Китаб ат- Таухид» жана Нурсинин эмгектерин тыйуу жөнүндөгү талкуу жабык эшик артында өтүп, ага Башпрокурорлуктун, Адилет министрлигинин жана Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катышкан.
XS
SM
MD
LG