Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Амирбек Усманов, Прага Отун энергиясына болгон тартыштык, биринчи орунга экономикалык кызыкчылыкты алып чыгарын, «Nabucco» долбооруна байланыштуу эки ача пикир айкын көрсөттү. 2013- жылы пайдаланууга берилчү боро, баш кеңсеси Венага жайгашкан концорциумдун башкаруучу директору Райнград Митчектин билдиришинче, Европага газды түрдүү булактардан, анын ичинде Россия менен Ирандан жеткирүүгө даяр. Бул билдирүү «Nabucco» долбоорунун маанилүү колдоочусу- ырасмий Вашингтондун пикирине каршы келет. Ай башында АКШ өкмөтүнүн мартабалуу өкүлү «Набуккого» Ирандын газын ташыбагыла деп эскерткен эле.

«Набукко» боросу ишке кирсе, Чыгыш Түркияны Европанын ортосундагы Австрия менен туташтырат. Бирок, 2013-жылы ишке кирчү боронун газ булактары алиге тактала элек. «Набуккого» Ирандын кошулуусуна Вашингтон каршы экенин, боро аркылуу биринчи кезекте азери, түркмөн жана казак газын ташуу зарылдыгын июндун башында АКШ Мамкатчысынын орун басар жардамчысы Мэттью Бриза эскерткен:

- Биз «Набуккону» Европага газды жеткирүүнү диверсификациялоочу жол ирети колдойбуз. Иранга байланштуу биздин саясатыбыз айкын, тилекке каршы, айкын. Биз үчүн «Набукко» эң алды азери газын, балким түркмөн жана казак газын, ошондой эле Ирак газын ташыш керек.

Бриза мындай билдирүүнү «Набукконун» жарнакташы, Түркиянын өкмөттүк Ботас АС компаниясынын башчысы «Набуккону» газ менен жетерлик камсыздоо үчүн борону болочокто Иранга да буруш керек деген сөзүнөн соң жасаган.

Эларалык «Набукко» газ боросунун башкаруучу директору Райнард Митчек ушул күндөрү «Азаттыктын» талдоочусу Брюс Панниэрге берген интервьюда, АКШнын каршылыгына карабастан, 2013-жылдан кийин боро түрдүү өлкөлөрдүн газын ташый турганын айтты:

- Биз Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Иран, Ирак, Египет, Россиянын газын ташымакчыбыз. Биз аталган булактардын бирине байланбайбыз, себеби (газды) түрдүү булактардан ташыйбыз. Бул Европадагы газ керектөөчүлүр үчүн өтө пайдалуу.

«Набукко» адегенде Европанын орус газына болгон көзкарандылыгын азайтуу үчүн долбоорлонгон. Анткен менен, Россиянын Газпрому долбоорго тартылары жөнүндө акыркы мезгилде ачык айтыла башталды. Буга жана Иранды тартуу планына Европанын отунга болгон керектөөсү түрткү болууда. Райнард Митчектин сөзүнчө, өткөн 2007- жылы Европанын 27 өлкөсү 500 миллиард куб метр газ жаккан болсо, анын 300 миллиард куб метрин же 60 процентин тыштан сатып алган. Келерки 10-15- жылда газды керектөө 1, 4 эсеге өсөт да Европа өлкөлөрүндө газ өндүрүү эки эсеге азаят же 100 миллиард куб метрге түшөт.

Ошон үчүн, Швейцариянын EGL газ компаниясы –АКШнын эскерткенине карбай- жакында Ирандын газ компаниясы менен 42 миллиард долларлык келишимге кол койду. Ага ылайык, Швейцария 2010- жылдан тарта Ирандан жылына 5, 5 миллиард куб метр газ ала баштайт.
XS
SM
MD
LG