Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

ЭНЕРГЕТИКАНЫН КЕЗЕГИ ЭНЕРГЕТИКАНЫН ТЕЗЕГИНЕ КЕЛДИБИ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

“Биз чакан граждандык топ кыйлага ойлоп олтуруп, альтернативалык энергиянын эң арзаны-биогазды өндүрүүнү чечтик. Буга мамлекет башчысынын кышка карата тезек тере башташ керек деген гениалдуу идеясы да түрткү болду. Президенттин айтканы боюнча мындан ары тезек негизги энергетикалык булак болуп калышы керек. Сырье болсо бизде жетишерлик. Бададагы уйдун жампасы, койдун корголу, мындан сырткары адамдардын тезеги да пайдаланылбай жатат. Айрыкча акыркысынын составында метан, кычкылтек, водород, сероводдордун кошулмалары көп. Эгер ишти жакшы жолго коюп алсак жампаны чет өлкөлөргө экспорттосок болот. Тезекти кирпич кылып уютуп, жакшы кагазга ороп, лента менен байлап туруп ар бирин өз-өзүнчө сатыш керек. Бул экологиялык жактан да эң таза товар болот эле” деп жазды “Аалам” гезитиндеги “Гидроэнергетика, шамалэнергетика жана жампаэнергетика” деген макаласында гезит баяндамачысы Үсөн Касыбеков.

Ушул эле гезит “Акаевди кустурам” деди, “Кумтөрдү” элге кызмат кылдырам” деди, мэр болору менен “шаарды мыкты кылам” деп келатат, бирок ишинин баары эле “дегендери” менен бүтүп атат. Анан иттей ышкырат экен. Илгери чоң аталар бейопа ышкырганды “тишиң сын” дешчү, анткени ышкырык менен шайтан чогуу жүрөт дешер эле” деп жазды “Данияр Үсөнов Бишкектеги барабан жигит” деген макаласында. Бул “Үчилтик баатыр” рубрикасынын калган каармандары “Акылбек Жапаров асмандагы киши бала”, “Айтибай Тагаев парлементтеги момпосуй жигит” деп аталат. Бул жана башка макалалардан тышкары белгилүү саясатчы Жумагул Сааданбеков менен да интервью бар.

“Өз алдынча мамлекет болгону Кыргызстанда бир дагы реформа ишке ашкан жок. Эгемендик жылдары өлкө чет элден эчендеген миллиард доллар кредит, грант, гумжардам алды, бирок ал жалпы элдин мойнуна илинген карызга айланды” деп аталган “Агым” гезитиндеги макаласында гезит кабарчысы Алым Токтомушев, өз калкына кам көрүү кайсыл гана мамлекеттин болбосун салттуу милдети болорун, ошол эле Америкада (МОТ) Эларалык эмгек уюму бул милдетин ийне-жибине дейре так аткарарын, ал боюнча минималдуу пенсия адис адамдын иштеп тапканынын 40 пайызынан кем болбош керек деген эреже так сакталарын, а бизде болсо бул көрсөткүч орточо айлыктын 10 пайызына да жетпестигин, анан кечээ жакында Бишкек мэри Данияр Үсөнов 1-июлдан баштап коммуналдык тариф өсүп, суу түтүгү 57,9 пайызга, канализация 40 пайызга кымбаттайт деп дардаңдаганын, дагы бир чиновник, соцфонд жетекчиси Марат Султанов эркектерди 63 жаштан, аялдарды 58 жаштан пенсияга чыгарабыз, антпесе карылар Кыргызстанды каптап кетти деп айгай салып чыкканын, кыскасы кыргыз бийлиги азыр өлгөндүн үстүнө көмгөндүн саясатын жүргүзүп, калкын кымбатчылыктын ташы менен бастырып койгону аз келгенсип, электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга өз элинен эки эсе арзанга сатып атканын, демек мындай “шок терапиясын” биздин өлкөгө Д. Үсөнов, А. Мадумаров, М. Султанов, А. Жапаров таңуулап жатышабы деп, эмне үчүндүр реформа жоопкерчилиги жергиликтүү бийликке эмес Бакиевге гана жүктөлүп турганын, балким анын артында ансыз да араң турган элдин кыжырын кайнатып, Бакиевдин бийлигин алсыратуучулардын тымызын максаты тургандыр деп кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити И.Раззаков атындагы КМУ профессору Надырбек Жуманалиевдин “ Күркүлдөр тартипке чакырылса” деген катын басты. Автор өткөн доордо Кыргызстандын борбору болгон Фрунзени жашыл шаар деп атаганын, агезде көчөлөр бак-даракка көмүлүп, гүл жайнап, кай жерде болбосун тазалык өкүм сүрүп келгенин эскерип, бүгүн өзүн гана ойлогондор кайран шаардын көркүн тыйпыл кылып, бүлдүрүп, талкалап жатканын, мунун мисалына Ата Түрк паркы кирерин, атка минерлер калп эле элди алаксытып, суу тартыш болгондуктан кургакчылык күч алууда, шүмшүк караниеттер тамекисин өчүрбөй ыргытып баса берип, бак-дарак өрттөнүп кетти деп жанын жешерин, 2005-жылдын жай айларында миңдеген карапайым адамдар Ата Түрк паркын да басып “жер бергиле там салабыз!” деп талап кылышканын, ошондо алардын бир тобун камакка алып, бир тобун милийсага кубалатып таратканын, анан андан көп өтпөй эле ошол жерде бай-манаптардын жашоосуна ылайыкташкан особняктар пайда болгонун, ал тургай ММКлар ошол жерди ээлеп алган 52 адамдын тизмесин коомчулукка дайын кылганын кошумчалап, автор макаласын “эгер бизде чындык болсо Ишенбай Кадырбековдон башкалары да күнөөлүү болушар” деп аяктады.

“Кыргыз руху” гезити ЖК депутату Мурат Жураевдин “Менин тилегим борборду көчүрүү эмес, Кыргызстанды сактап калуу” деген интервьюсун окурмандарга тартуу кылды. Депутат Жураев мырза Кыргызстандын түштүк аймагынын учурдагы көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, айрыкча жергиликтүү калк жашоо-турмуштун айынан Бишкекке, Чүйгө ооп, бир даары чет өлкөлөргө кетип жатса, алардын ордун “коңшулар” же чет өлкөлүк “келгиндер” басып баратканын. Мамлекеттин алсыздыгы бардык тарабыбыздан сезилерин, маселен келгин кытай жараны болгону жылына 2 миң сом төлөп коюп каалаганын жасарын, кааласа кафе ачып, завод курарын, ачкан ишканасына жалаң кытайлыктарды тыштан жыйып келип иштетерин, ошол эле учурда бир дагы ишкер кытай Өзбекстанга ийне-жибине чейин изилденмейин киргизилбесин, биздикиндей эле кытай ишканалары Өзбекстанда да барын, анын кожоюну кытай болгон менен заводунда жалаң жумушчу болуп өзбектер иштерин, биз өзбектердей болуп өзүбүзгө ээ болалбай келатканыбыхзды баяндап, мунун мисалы катары Кемпирабад, Касансай суу сактагычтары менен Бүргөндүдөгү нефти мисалын, бүгүн ушул өз жерлерибизге да ээ бололбай келатканыбызды далилге келтирген.
XS
SM
MD
LG