Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

11:17 “Де-факто” газетасынын кезектеги саны чыкпай калды


Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, редакциянын жамааты 23-июнда гезиттин кезектеги санын чыгарууга даярдык көрүшкөн. Бирок ошол эле күнү кечинде Ички иштер министрлигинин Бишкек башкармалыгына башкы редактору Чолпон Орозобекова чакырылып, гезитти чыгарбоо тууралуу эскертүү берилген. Бир жума мурун гезиттин компьютерлери алынып, эшиктери мөөр басылып жабылган. Гезиттин адвокаты Нина Зотова компьютерлерди алууну мыйзамсыз деп, сотко кайрылган. Бирок сот маселени кароонун күнүн аныктай элек. “Редакциянын жамааты кандай болбосун гезиттин кезектеги санын ушул жумада чыгарууга киришүүдө. Ал эми редакцияны экинчи ирет тинтүүгө алынышы боюнча маалымат жок. Бирок алар каалаган убакта андай кадамга бара беришет”,- деп кошумчалады Чолпон Орозобекова.(AiT)

XS
SM
MD
LG