Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында айтылган маалыматтарга караганда, быйыл өлкө 800 миң тонна дан жыйнап алууну пландаштырууда. Түшүмдүн пландагыдан аз болушуна Чүй облусунда үшүктөн эгиндин болбой калышы себеп болууда. Ошондуктан кошумча 300 миң тонна дан сатып алыныш керек. Өкмөт жыйынында каралган экинчи маселе аткаруучулук тартипке байланыштуу болду. Аткаруучулук тартип абдан начар экендиги жана коюлган маселелер аткарылбай жатканы жыйында белгиленип, ал өкмөттүн кезектеги жыйынында дагы кошумча каралары айтылды. (AiT)