Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Ж.АКЕНЕЕВ: АЙЫЛ-ЧАРБАГА АЙРЫКЧА КӨҢҮЛ БУРУУ ЗАРЫЛ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы боюнча өкмөттүк жыйында кеп болору айтылган эле. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылган өкмөттүн бул жыйынында экономиканы өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулоо максатында, ага премьер-министр, президент да катышары кабарланууда. Аны утурлай айыл-чарба тармагындагы абал жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелердин тегерегинде мурдагы Айыл-чарба министри Жумакадыр Акенеев менен маектештик.

- Азык түлүк коопсуздугу курч болуп турган азыркыдай шартта айыл чарбасын өнүктүрүү, азык түлүк менен колдонуп келишинче өзүн-өзү камсыздоо маселеси да байма-бай айтылууда. Мурда ушул тармакты жетектеген адис катары айтсаныз, буудайды айтпаганда да башка айыл чарба продукциясы менен Кыргызстан өзүн канчалык камсыздай алат. Ага кандай мүмкүнчүлүктөр бар бизде?

- Биз билген маалыматтар боюнча жакында Айыл, суу чарба министрлик өзүнүн коллегиясын өткөрдү. Өздөрү мойнуна алышпадыбы, былтыркы жылга салыштырмалуу иштер айыл-чарба жагында начарлаган. Булардын жанагыдай адилеттүү себептери деле бар. Бирок негизи менимче жалпысынан, жалаң эле айыл-чарба эмес, бүткүл экономика боюнча иш акыбалдарыбыз былтыркы жылга салыштырмалуу начар. Себеби, акыркы эле беш айдын ичинде баалар асмандап, инфляция 23,3 пайызга өсүп кетти. Былтыр бул көрсөткүч жылдын жыйынтыгы боюнча 20 пайыз болчу. Бул эмнени далилдейт. Ички дүң продукцияны быйыл 10 пайыздын тегерегинде өстүрүшүбүз керек эле. Бул баанын өсүшү реалдуу түрүндө ички дүң продукциянын өсүшүн жууп кетип атат. Быйыл биздин байкашыбыз боюнча аба-ырайы да былтыркы жылга салыштырмалуу начар болуп атат. Мына ушундан Чүй, Талас жана башка облустарда эки ай мурун чоң үшүк жүрүп, өсүмдүктөрдүн бардыгын жокко чыгарып кетти. Быйыл суу маселеси да начарыраак болуп атат, былтыркы жылга караганда. Жамгып жаабай, кургакчылык болуп, ар түрдүү алынган маалымат боюнча быйыл буудайдын, башка өсүмдүктөрдүн өсүшү былтыркы жылга караганда начар. Дагы реалдуу факторлор болуп атат, энергетика жактан Токтогул суу сактагычы биздин энергетиканын жарымынан көбүн берчү, өндүрүү жагынан. Быйыл болсо ал жакта сууну кое берип жиберип, 7 миллиарддын тегерегинде эле калып, анын айынан свет өчүрүлө баштады. Бул дагы өзүнүн таасирин берет экономикага. Жалпысынан азык-түлүк жагынан коопсуздук деп Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды. Бирок бул эмки жылдан баштап иштеши мүмкүн. Себеби буш ишке ашырылышы үчүн бюджеттен буга акча каражат каралыш керек эле.

- Баалар күн санап өсүп жаткан азыркыдай шартта кризистен чыгуу үчүн өкмөт тараптан кандай зарыл чаралар көрүлүш керек?

- Эч нерсесине карабай жок дегенде бюджеттен болобу, башка жактан болобу анча-мынча каражат топтоп, күзүндө колдон келишинче айыл-чарбачылыкка, дыйкандарга жардам берип, өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү жыйнап алууга аракет кылышыбыз керек. Мына азыр күйүүчү, майлоочу майдын баасы өтө өйдөө көтөрүлүп кетти. Айыл жакта солярка колдонот, анын баасы бензиндин эң жогорку маркасынан өйдө болуп кетти. Мен ойлойм күзүндө бул баа андан бетер көтөрүлүшү мүмкүн деп. Жанагыдай даярдык көрүлбөсө өстүрүлгөн өсүмдүктөр ошол бойдон талаада кала берет. Ошондуктан абдан чоң чара көрүлүшү керек өкмөт жактан.

- Өлкөдөгү экономикалык абалга божомолуңуз, дегеле мындан аркы кырдаал кандай болушу мүмкүн?

- Кырдаал ар түрдүү алынган маалыматтар боюнча дагы начарлашы мүмкүн. Себеби эл аралык, дүйнөлүк эксперттер айтып атат, күйүүчү, майлоочу майга, буудайга, башкаларга дагы баалар 20-30 пайызга өсөт деп. Мунун бардыгы түздөн-түз келип биздин экономикага өзүнүн таасирин берет. Азык-түлүк коопсуздугун сакташ үчүн дыйкандарды өзүнүн өсүмдүгүн жыйнап алыш үчүн президент катышам деген жыйында чоң-чоң чаралар колдонулуш керек. Мен ойлойм, башка жакка көңүл бурулбаса дагы айыл-чарба жакка көңүл абдан катуу бөлүнүш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG