Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

ДЫЙКАН ТАЛААДА, ӨКМӨТ ЖЫЙЫНДА


Быйыл Кыргызстанда былтыркыга караганда дан эгиндери арбын себилди. Өстүрүлгөн эгин убагында коромжусуз жыйналса жалпы республика боюнча 800 миңден ашуун тонна кызыл дан алынып калышы деле ажеп эмес. Анткен менен кыйла эгинди өкмөт сырттан сатып келишке мажбур. Ошондон ал ушу тапта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, социалдык аялуу катмарды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/7B625B96-DAF2-4B16-BE70-83EEB035C8D3.asp колдоого зарыл данды кимден сатып алууну ойлонуп отурган чагы.

Өткөн жылкы азык-түлүк каатчылыгы өкмөттөн мурда дыйкандарды катуу ойлонткон экен бу жылга дан эгиндери арбын себилгенин Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министри Арстанбек Ногоев толгон-токой сандардын жардамы менен бекемдеди:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, 1-июнга карата айыл чарба өсүмдүктөрү канча себилгени мындай: дан эгиндери 651,4 миң гектир жерге себилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 35,6 миң гектир жерге арбын себилгенин көрсөтөт. Анын ичинде буудай 393 миң гектир жерге себилди. Бул өткөн жылдан 32,5 миң гектир жерге көп себилгенин билдирет.

Жем-чөптүн улам кымбаттап баратышынан жүрөкзаада болгон дыйкандардын көбү быйыл пахтаны азыраак айдап, жер аянтынын кыйласына жүгөрү эгип салышканын өкмөттүк жыйында Жалалабат облусунун губернатору Кошбай Масиров маалымдады:

- Мен айткым келет, биз баарын текшерип көрдүк. Болбоду дегенде эле 30 миң ашуун тонна дан жыйнап аларыбызга мен ишенем.

Ушундай эле көңүлток билдирүүнү Талас облусунун губернатору Бейшен Болотбеков да жасады:

- Өткөн жылы биз 17 миң 603 тонна буудай алганбыз. Быйыл болсо 38 миң 160 тонна алабыз деп турабыз. Былтыркыга караганда 6,5 миң гектир жерге арбын сепкенбиз.

Эки облус жетекчилеринин өткөн жылдагыдан эки эсе көп түшүм алынарын ырастаган билдирүүлөрүнө ыраазы экенин өкмөт башчы Игорь Чудинов жашырган жок:

- Кудай жалгасын, албетте, бизге иш жүзүндөгү сандар керек. Маселе августка барып ачыкка чыгып калат.

Эмнеликтен дан жагынан жакшы делген эки облустун божомолун алдыга жайып, түшүмдүүлүктүн жогорулугун эске салуунун жөнжайын өкмөт башчы момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү:

- Мен муну бекеринен сурап атканым жок. Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министрлигинин коллегиясынан кийин өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу программасын аткара албай калгандыгы тууралуу маалыматтар чыгып кетти. Ошон үчүн мен губернаторлордон жер-жерлердеги абалды сурап жатам.

Азык-түлүк каатчылыгынан улам Кыргызстан өзүн-өзү дан менен камсыз кыла алабы суроосу кайрадан көтөрүлө баштады. Тармактагы абалды жакшы билген академик Жамин Акималиевдин пикиринде 5 миллион калкты дан азыктары менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар:

- Куру сөздөн башка жардам жок да. Анан көп иштер. Айыл чарба кооперативдерине айландырыш керек. Анан дайыма жардам болуш керек. Анан айтып-айтып эле коюшат. Мына президенттин өткөн жылдын ноябрындагы жарлыгы быйыл апрелде ишке ашып жатпайбы. Ошол кантип болсун. Мамлекеттин айыл чарбасы боюнча саясаты жок. Мына турмуш көрсөтүп жатат. Биринчи орунга айыл чарбасы чыгат. Себеби курсагы ачкан кишилер эч нерседен тартынбайт.

Какыраган кайракы жерлерге суу жеткирип, бош жаткан аянттарды өздөштүрүш үчүн 100 миллиард ашуун сом талап кылынары өкмөттүк жыйында айтылды. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ошол эле Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министрлиги “Агроазыктүлүк” корпорациясын түзүү сунушун билдирсе, Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги “Буудай”, “Жүгөрү” долбооруна кайдан каражат табуунун аргасын ойлоп отурган чагы.

XS
SM
MD
LG