Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Түркмөнстанда жүздөн ашуун үйбүлө түркмөн-өзбек чегарасынын жанындагы үй-жайын таштап, өлкөнүн башка бөлүгүнө күч менен көчүрүлүп жатат. Алардын айрымдары “Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматы менен байланышып, чөлгө жакын аймакка көчүрүлүп жатышына байланыштуу эч кандай түшүндүрмө дагы, акчалай компенсация дагы алалбай жатышканын айтышкан.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз облусундагы Ниязов районунун тургуну “Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматына кабар жөнөтүп, үй-жайын таштоого мажбур болуп жатканын айткан.

Кат жазган угармандын айтымында, Ниязов, Түркмөнбашы, Губада, Гороглы райондорунун бир катар тургундары буга чейин жашаган үй-жайынан күч менен чыгарылып, өлкөнүн башка аймагына көчүрүлүп жатат. “Дашогуз облусунун бийлик өкүлдөрү жергиликтүү айрым тургундарга сентябрга чейин мөөнөт беришти. Алар сентябрдан кийин бул үйлөргө жарык жана көгүлтүр от берүү токтотулаарын айтышкан”, деп жазат “Азаттык” үналгысынын угарманы.

Ушул жана башка угармандардан келип түшкөн кабарларга ылайык, турак-жайын таштап көчүүгө аргасыз болгон тургундардын эч бири компенсация алган эмес. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, жаңы үйлөр даяр болгонго чейин айрым тургундарга эски мектепте жана маданий борбордо убактылуу баш калкалап турууну сунуш кылган.

Үналгы менен байланышкан дагы бир угарман айыл тургундарынын жергиликтүү башкарманын орунбасары менен болгон жолугушуусу тууралуу кабарлады. Анын айтымында, үй-жайын таштап башка жакка көчүүгө мажбур болгондор акчалай компенсация сурап келгенде тартип коргоо кызматкерлери аларды коркутуп-үркүткөн. Болгарияда негизделген Адам укугу боюнча Түркмөнстан Хельсинки корунун жетекчиси Тажигүл Бегмедованын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн мындай иш-аракеттери мыйзамсыз:

- Түркмөндөрдү отурукташкан жеринен башка жакка көчүрүү - бул мыйзамдарды жана адам укугун бузуу болуп эсептелет. Бул эл аралык укукка дагы каршы келет. Менин жеке баамымда, бул эки жүздүү саясат.

Кабарларга ылайык, Дашогуз облусунун көпчүлүк тургундарын өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Рухубелент аттуу жаңы районго көчүрүп жатышат. Буга байланыштуу президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун буйругу өткөн жылы март айында чыккан.

Өкмөттүн интернет сайтындагы маалыматка караганда март айынан бери Рухубелент районуна ай сайын жүздөн ашуун үйбүлө көчүрүлүп жатат. Аталган райондун губернатору Сапаргелди Жумаевдин айтымында, район негизделгенден бери ал жерге 2 миңден ашуун үйбүлө көчүп келген.

Түркмөнстандын бийликчил массалык маалымат каражаттары Рухубелент районунда жер абдан көп деп мактаганы менен ал жакта аба-ырайы тез өзгөрүлүп тургандыктан көпчүлүк адамдар жер которууну каалабайт. Өкмөттүк басма сөз каражаттарынын жазганына караганда райондук администрациянын, Улуттук коопсуздук министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн жана соода борборунун имараттары октябрь айында даяр болгон. Бирок мектеп толугу менен курулуп бүтө элек жана газ, суу, жарык азырынча жок.

“Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматына кайрылгандар өкмөт чөлдүн ортосуна көчүргөнү менен эч ким аларга акчалай компенсация бербегенин айтышкан. Аларга 50 миллион түркмөн манаты, же 3 миң 300 доллар насыя сунуш кылынган. Дашогуз облусунун тургундарына калкты көчүрүүгө байланыштуу толук юридикалык түшүндүрмө берилген эмес. Аларга мыйзамга ылайык, өзбек чегарасынын аймагындагы 500 метр аралыктагы аймак толугу менен бошотулушу керек деп гана айтылган.

Советтер союзунда дагы мурда эч ким жашабаган аймактарга элди отурукташтыруу тажрыйбасы кеңири жайылып, бийликчил басма сөз каражаттары муну “адамзаттын жаратылышты багындырганы” катары сүрөттөчү. 2002-жылы ошол кездеги түркмөн президенти Сапармурат Ниязов элдерди Дашогуз, Лебап жана Ахал облустарына көчүрүү тууралуу буйрук чыгарган. Расмий бийлик бул кадамды өлкөнүн чөл аймагын өнүктүрүү максаты менен түшүндүгөн.

Эски советтик тажырыйбага ылайык, мындай ыкма түркмөн өкмөтүн сындаган диссиденттерге каршы багытталган. Маселен, Тажигүл Бегмедованын 77 жаштагы атасы Сазак Бегмедов 2003-жылы Ашхабаттан Дашогуз облусуна күч менен көчүрүлгөн. Бегмедов президент Ниязовго каршы чыгып, натыйжада Ашхабаттан күч менен көчүрүлгөндөрдүн бири болгон.

Анын аралыгында адамдарды күч менен көчүрүү тууралуу кабар Евробиримдик менен түркмөн бийлигинин ортосундагы адам укугунун абалы тууралуу 24-июнда Ашхабаттагы сүйлөшүүлөрүнүн алдында келди.

Адам укугун коргоо боюнча Эмнести Интернешнл уюму (Amnesty International) кечээ Евробиримдикке кайрылып, адам укугун коргоодо түркмөн бийлигине таасир этүүнү өтүндү.

Венадагы дагы бир адам укугун коргоо боюнча топтун билдирүүсүндө Түркмөнстанда бул багытта абалдын начардыгын белгиленет.

Адам укугун коргоо боюнча Түркмөнстан Хельсинки фондунун жетекчиси Бегмедова түркмөн калкын өз укугун коргоого үндөдү:

- Бул кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу – жарандар өз укугун коргоону үйрөнүшү керек. Алар чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан, же айталы “Азаттык” үналгысынан жардам күтпөшү керек. Алар Башмыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын талап кылышы керек.
XS
SM
MD
LG