Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

7:37 Шаардык сот


Бишкек шаардык соту “Ак жол” партиясына байланышкан апелляциялык арызды 26-июнда карайт. Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Төлөкан Исмаилованын апрель айында берген арызын райондор аралык сот канагаттандырган эмес. Арызда апрель айында энерготармакты менчиктештирүү маселелерин талкуулаган “Ак жол” фракциясынын жабык жыйынын жана ошол кездеги төрага Адахан Мадумаров менен фракция башчысы Элмира Ибраимованын аракеттерин мыйзамсыз деп табуу суралган. Укук коргоочулар жагдай өзгөрүп кеткенине карабастан сотко барарын билдиришти. Муну бир партиянын өзүм билемдик аракеттерине элдин көңүлүн бурдуруу максаты менен байланыштырды. Апрель айында парламент энергетиканы менчиктештирүүгө байланышкан бардык мыйзамдарды кабыл алган. Ал эми май айында парламенттеги пикир келишпестиктерден улам Адахан Мадумаров ээлеген кызматынан бошотулуп. Элмира Ибаримова вице-премьер министрлик кызматка которулган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG