Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

8:15 Жаштар укугун коргоочулар президентти эркин митинг өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырды


“Куралсыз, тынч чогулуу, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү мыйзам кошумчага муктаж. Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштарды, студенттерди коргоо кеңеши президент Бакиевге кечээ жолдогон кайрылуусунда ушинтип билдирди. Кеңеш мыйзам адам укуктарын чектейт деп, президентти аталган мыйзамга кол койбоого чакырды. Мыйзамды парламент өткөн аптада кабыл алган. Ага нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат алуу тартиби киргизилген. Бул Конституцияга каршы келет деген укук коргоочулар да президентти мыйзамга кол койбоого үндөп жатышат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG