Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Ж. БӨКӨШОВ: САЯСИЙ ТУРМУШТА БИР НУККА ТҮШӨ АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Кыргызстанда дагы бир саясий кыймыл - “Бирдиктүү Кыргызстан” аттуу жаңы кыймыл пайда болду. Бул кыймылдын түзүлүшү жана өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна саясат таануучу, профессор Жамгырбек Бөкөшов жооп берди.

- Жамгырбек мырза, кабарыңыз болсо керек, кечээ “Бирдиктүү Кыргызстан” аттуу жаңы кыймыл түзүлгөнү жарыяланды. Башында мурда бийликтин жогорку тепкичтеринде болуп келген адамдар турган бул кыймыл сиздин оюңузча коомчулуктан канчалык колдоо табат?

-
Бизде албетте ар түрдүү кыймылдар, саясий бирикмелер көп. Дагы мындай жаңы кыймылдар түзүлсө анын жаман жагы жок. Бирок келечегин айтыш кыйын, азыркыдай шартта алардын кандайдыр бир натыйжага жетишүүсү абдан кыйын болуп калды. Себеби, биздин саясий турмуш бир нукка, белгилүү бир багытка түшө албай жатат. Жаңы парламент партиялык тизме менен шайланып, “Ак жол” партиясы уткан соң эми жаңы тилкеге чыктык го, ушул партия мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтеринде өз программасын аткаруу менен белгилүү бир натыйжага жетсе, даанараак, ачыгыраак көрүнгөн бир жолго чыгабыз го деп ойлогонбуз. Бирок азырга чейин ошол күткөн нерсе турмушка ашпай, коомдо саясий күчтөргө, партияларга ишеним орнобой жатат. Эми “Бирдиктүү Кыргызстан” деген жаңы кыймылдын иши да максатына, кандай күчтөрдү өзүнө тарта алаарына жараша болот.

- Кыймыл өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу боюнча программаларды даярдап, аны өкмөткө сунуштап ишке ашырууну максат кылып жатыптыр. Бул максат ишке ашуусу мүмкүнбү, дегеле бийлик ошондой сунуштарга көңүл бурабы?

-
Азыркы саясий күчтөрдүн абалынан карап баа берсек бул кыйыныраак . Муну коомдук парламенттин мисалынан да көрсөк болот. Алар да биз бийликке сунуштарбызды айтып турабыз, элдин турмушун оңдогонго, жакшы жолго чыкканга мүмкүнчүлүктөр ачылат деген чоң максаттарды койгон эле. Тилекке каршы анын натыйжасы ойдогудай болбой жатат. Эми жаңы түзүлүп жаткан кыймылдын да тилеги жакшы, бирок менимче, биз саясий турмушту оңдоонун, конструктивдүү жолго чыгуунун механизмдерин, жолун таппай жатабыз.

- Ошол эле учурда өлкөдөгү башка саясий күчтөр, асыресе оппозициялык кыймылдар биригүү жолдорун издей баштаганы айтылууда. Азыркыдай шартта оппозиция биригип, чоң саясий күчкө айлана алабы?

-
Менимче, бирдиктүү оппозиция болушу мүмкүн эмес. Биздеги саясий тажрыйбасы, багыты, принциптери ар кандай саясий элита бириге албайт. Аны буга чейинки турмуш да көргөздү. Алардын көздөгөн максатынан алып караганда бирдиктүү чоң күч түзгөнгө мүмкүнчүлүгү жок.

- Сиздин баамыңызда, өлкөдөгү коомдук-саясий абал мындан ары кандай нукта өнүгүшү ыктымал?

Мен өлкөдөгү саясий жараяндарга такай саресеп салып, баамдап жүрөм. Бизде азыр мындай болот деп айтыш кыйын болуп калды. Менимче азырынча ушинтип талашып-тартышып, бөлүнүп-жарылып, чалынып-чулунуп кете беребиз го...

Маегиңизге рахмат!
XS
SM
MD
LG