Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

ЖАЛАЛАБАД: ЖЕР ТАЛАШКАНДАР...


20-июнда Жалалабат облусундагы канаттуулар фабрикасын ээлеп алган адамдар жыйын курушту. Алар үй-жайдын жоктугунан жана үй курууга жер берилбегендиктен фабриканын ээн калган аянттарын басып алууга аргасыз болгонун белгилешти. Үч жылдан бери курган үйлөрү менен ээлеген жер аянттарын мыйзамдуу түрдө өткөрүп бербей жаткан шаар бийлигине нааразылык билдиришип, талаптары аткарылбаса митингке чыгышаарын айтышты. Фабриканын жерин бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын башчысы, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси жер талашкандар шаардын тургундары эмес экендигин, жер Жалалабаттын кезекте турган тургундарына бөлүнгөнүн билдирди.

Облустагы канаттуулар фабрикасынын аймагы өкмөттүн токтому менен Жалалабат шаарына өткөрүлүп берилген. Ага дейре үй-жайсыз жүргөн адамдар ал жерди өз ара бөлүштүрүп, мүмкүнчүлүгү барлар турак-жай тургузуп, колунан келбегендери ээлеген аянттарына шагыл төгүп, же жер пайын түптөп койгондор да бир кыйла. Бирок, Жаңы конуштарда жашоого шарт жок. Жер ээлегендердин өкүлү Базаргүл Искеналиеванын айтымында, үй тургузгандардын абалынан бийлик ээлери кабар алалек. Электр зымдары тартылбай, суу чыгарыла элек. Мындай кайдигерликке чыдай албайбыз деген Базаргүл Искеналиева жакын арада конкреттүү иш-аракетти башташаарын билдирди:

- Канатуулар фабрикадагы карапайым элдин кызыкчылыгын ойлобостон мэрия өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп атат. Бул жерге биринчи барганда жалаң карапайым элдер барган. Карапайым элдин аркасынан мэрия терини жамынып алып, эми биздин жерибиз болчу дейт. Буга чейин булар эмне кылып турушкан. Күнүгө тынчтык бербей атат. Жадакалса биздин төраганы милицияга алып барып камап атат. Биздин кызыкчылыгыбызды бирөө сураган жок. Биз мэрияга кат жаздык. Эгерде буга дагы болбой турган болсо жогорку бийликке чейин митинг менен барганга даярбыз.

Аргасыздан жер басып алгандардын «Жаңы курулушчулар» деп аталган коомдук бирикменин төрагасы Базарбай Кадыровдун айтымында президенттин «Бийлик элге кызмат кылууга тийиш» деген сөзүн жергиликтүү бийлик бурмалап жатат. Фабриканын аймагында 167 үй бүткөнү турат, шаар четиндеги «Живпром» деген жерде 780 үйдүн курулуш иштери жүрүүдө. Жыйынга чогулгандар ээлеген жер аянттары менен курган үйлөрүн жана түптөгөн пайдубалдарын мыйзамдуу түрдө өздөрүнө өткөрүп берүүсүн талап кылууда. Бирок, биздин талап аткарылбай, комиссия бир жерди эки-үч адамга бөлүп берип коюп, адамдарды өз ара мушташтырууда. Жогорку 120 уюмга жазган кайрылуубуздун 20сынан жооп келди. Президенттик администрациядан да жооп болгон, бирок, анда айтылгандарды шаар бийликтери аткарбай атат, деп айтты Базарбай Кадыров:

- Бийиктегилер биз бербейиз силерге дейт. Четинен берип атат, бирок биздин бүтуп калган үйлөрдүн үстүнөн өлчөп берип атат. Биринчи күнү ооганчыларга берди. Алар менен мушташып, акыры чечимге келдик. Бул жерде тополоң болду. Эми азыр келип алып өзүнүн туугандарына берип атат. Ушуну менен бир жер үч адамга берилип атат.

Коомдук бирикме облус жана шаар бийлигине маселе чечилбесе, “Жаңы курулушчулар» митингге чыгаары тууралуу билдирүү берген. Бирок, Кадыровдун белгилешинче жергиликтүү бийлик ал билдирүүнү каттабай, артка кайтарган.

Шаарга өткөрүлгөн аймакты бөлүштүрүү комиссиясынын башчысы Асылбек Таштанбеков Жалалабатта үй куруу үчүн жер алууга катталгандардын саны төрт миңден ашык экендигин айтты. Жылдап кезекте турган мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана мугалимдер менен дарыгерлерге, тартип сакчыларына жер тилкелери берилди. Шаардын тургундары болбогон жарандарга жер берилбей тургандыгы аларга буга чейинки жыйындарда түшүндүрүлгөн. Митингге чыгуу тууралуу билдирүүнү биз алган жокпуз:

- Алардын бүгүнкү куруп алган фундаменттерин, же болбосо шагыл, таш төгүп койгон адамдар менен бүгүнкү күндөгү мыйзамдуу ошол жердин ээлери кеткен каражаттарын төлөп берип, келишип атышат. Ал эми кээ бирлери келишпегендер болуп жатат. Ал чыр-чатакка айланууга мүмкүн эмес. Мыйзамдуу түрдө алган кишилердин укугун коргошубуз керек, - деди шаардык мэриянын аппарат башчысы Асылбек Таштанбеков.

Ардагер Азимбай Алимусаев да дубалы тургузулган үйүн эмне кылаарын билбей турат. Турак-жайды Орусияда иштеп келген уулу бүтүргөн:

- Мэрдин планы боюнча менин дубалым бузулуш керек экен. Жолдун тушуна келип калыптыр. Губернаторго өзүм үч жолу кирдим. Кечээ президенттик комиссия келди, ошол эртең чечип берет деген. Президенттик комиссия биринчи күнү келди деп уктук, ошол күнү кайра кетип калыптыр.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG