Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:29

Дүйнөдөгү эркиндикке көз салып турган “Фридом Хауз” уюму ушул аптада жаңы отчетун жарыялады. Өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө демократиялык процесстин кандай жүрүп жатканын бир топ көрсөткүчтөр менен баалаган баяндамада Кыргызстанга, соңку жылдардагыга караганда, быйыл катуураак сын айтылды.

“Кыргызстандагы саясий башаламандык - президенттин жана анын айланасындагылардын мүмкүн болушунча көбүрөөк бийликти колуна топтоп калуу аракетинин белгиси”. “Фридом хауз” уюму өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанга ушундай баасын берди. Бул, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу, бир топ күчтүүрөөк сын.

“Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу” институтунун регионалдык директору Кумар Бекболотов уюмдун баяндамасын “Азаттык” үчүн комментарийлеп жатып, мындагы баа менен макул экенин айтты.

- Азыркы тенденцияга ылайык, Кыргызстан кайра эле 2004-2005-жылдары алган төмөн көрсөткүчкө кайтып жатат. Бул баяндамада, мисалы, өлкөдөгү шайлоо процесстеринин жүрүшүнө, көзкарандысыз медианын абалына 6-6,25, кээде 6,50 деген да баалар берилиптир (Уюмдун бааларды берүү тартибине ылайык, 1 деген баа демократиясы эң өнүккөн өлкөгө берилет. Ал эми 7 демократиясы эң өнүкпөгөн мамлекетке тагылат – ред.). Менимче, Кыргызстанда 2007-жылы болгон окуяларга бул бир топ нейтралдуу, ачык берилген баа болуп эсептелет. Себеби бизде орун алган көптөгөн окуялар өтө катуу сынга алынган болчу. Былтыр күзүндө өткөн парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча өтсө да, анда бир эле президенттик партия утуп чыкты. Маалымат каражаттарын алсак, былтыр алардын бир канчасы өтө чоң проблемаларга кабылышты. Анын ичинде, мисалы, Ошто журналист Алишер Саиповду өлтүрүп кетишти. Ушул сыяктуу окуялар ар бир параметрге өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт.

Көз карандысыз медианын абалын сүрөттөгөн бөлүгүндө чын эле уюм азыр айтылган мисалдарга да токтолгон. Маалымат каражаттарынын эркин иштешине кедерги болуп жаткан башка да фактылар айтылды. Алардын айрымдарына “Медиа Өкүлчүлүк” институтунун директору Илим Карыпбеков токтолот.

- Маалымат каражаттарынын эркин ишине каршы көптөгөн чектөө механизмдери колдонулуп жатат. Бул, мыйзам механизмдери, укук коргоо органдарын колдонуу чаралары, мыйзамдан чыккан коркутуп-үркүтүү, телефонду угуу, административдик ресурс, сабоо-тебүү өңдүү механизмдер бизде активдүү колдонулуп жүрөт. Эгерде эки-үч жыл мурда Кыргызстанда бир журналистти сабап кетишсе, бул чоң жаңылык катарында кабыл алынчу. Бүгүн болсо, тилекке каршы, бул жаңылык деле болбой калды. Албетте, мунун баары сөз эркиндигинин деңгээлин түздөн-түз төмөндөтөт.

Илим Карыпбеков, андан сырткары, “Де-факто” гезити менен байланышкан окуя, “Теле жана радио берүүлөр жөнүндөгү” мыйзамдын күчүнө кириши өңдүү быйыл орун алган окуялар бул баяндамага кирбегендигин белгилеп өттү.

Бирок Кумар Бекболотовдун ишениминде, алар Кыргызстандын келерки жылкы баасына өзгөчө терс тааасир этиши айкын.

- Логикага таянсак, эгерде бизде 2007-жылы болгон окуяларга ушундай баа берилсе, быйылкы окуяларга азыркыдан да төмөн баа берилет. Барган сайын биз Өзбекстандын же Түркмөнстандын көрсөткүчтөрүнө тең келип калышыбыз мүмкүн. Себеби азырынча биздин жалпы рейтинг 6 деген баага жакындап калыптыр. Эң эле жаман дегени 7 болсо, анда биз азыр өтө төмөн түшүп кеткенибизди билдирет - деди “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу” институтунун регионалдык директору Кумар Бекболотов.

Анткен менен эларалык уюмдардын бул өңдүү баасы менен бийликтер дайыма эле макул боло беришпейт. Бул жолку докладда айтылгандарга карата кыргыз президентинин маалымат катчысы Нурлан Шакиев мындайча оюн билдирди.

- Айрым маселелер боюнча булар себептерин ынанымдуураак кылып айтышы мүмкүн, бирок, мен айтып коюшум керек, баардык эле өлкөлөрдө бул өңдүү көрүнүштөр, турмуш болгондон кийин, тынымсыз өзгөрүлүп турат. Процессти туруктуу кармаш өзү дегеле кыйын. Салыштырмалуу түрдө айта турган болсок, бүгүнкү күнү Кыргызстанда эч кандай кескин түрдө артка кетүү болгон жок. Адам укуктары боюнча да, сөз эркиндиги боюнча да кээде бизде, тетирисинче, өсүш байкалып жатат, - деди президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев.

Докладдын Кыргызстан жөнүндөгү бөлүгүндө өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын оорду тууралуу да айтылды. Анда бейөкмөт уюмдар Конституция боюнча референдумду өткөрүүгө каршы турган ири күчтөрдүн бири болгону белгиленет. Ошол эле учурда, бул сектор чыныгы экономикалык утушту ойлобой, эмоцияга басым жасап, Дүйнөлүк Банк тарабынан сунушталган ХИПК программасына кирүүгө караманча-каршы туруу менен негативдүү роль ойноду, деп сын да айтылган.

Дегинкиси, бул жолу Борбордук Европадан Евразияга карай орун алган 29 мамлекеттеги кырдаалга анализ жасаган “Фридом Хауз” жалпысынан аймакта демократиялык процесстер жалпы эле региондо начар жүрүп жатканын белгилеген. Анда айтылгандай, Берлин дубалы кулатылгандан берки дээрлик жыйырма жылда да Евразия эркин аймакка айлана алган жок жана буга мунайга бай мамлекеттердин авторитардык саясаты себеп болууда. Орусия региондогу анти-демократиялык режимдердин лидери катары региондогу башка авторитардык режимдердин каалоо-мүдөөсүнөн жаралган “суверендүү демократия” деген түшүнүктү жайылтып жатканы айтылды.

Ошол режимдердин катарына кошулган Кыргызстанда алдыдагы жакынкы жылдары болушу мүмкүн делген божомолдор да ичти жылытпайт. “Коррупциянын жогору көрсөткүчү экономиканы көтөрүүгө тоскоол болот. Паракордукка каршы күрөшүүгө анча ашынбаган президент Курманбек Бакиев быйылдан тарта 2010-жылкы президенттик шайлоого чейин оппозициянын дагы күчтүүрөөк каршылыгына дуушар болот” деп айтылат докладда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG