Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

ОШ: СТУДЕНТТЕР ЖОЛ АКЫНЫН КЫМБАТТАШЫНА НААРАЗЫ


Жанарбек Акаев, Ош Ош шаарындагы транспортко жол акысы 1-июлдан тарта кымбаттай турган болду. Тактап айтканда, кичи маршруттук каттамдар 5 сомдон 7 сомго, троллейбус 3 сомдон 4 сомго, ал эми автобустарда жүрүү акысы 4 сомдон 5 сомго көтөрүлөт, деп шаардык кенештин депутаттары кезексиз жыйынында чечим чыгарышты. Мындай чечимге шаар жаштары, айрыкча студенттер наааразычылык билдиришүүдө.

Ошто жол акынын 1-июлдан тарта кымбатташы көпчүлүк жүргүнчүлөр үчүн жаңылык болду. Айрыкча, азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга баанын күндөн-күнгө жогорулап жатышына араң чыдап жаткан студенттер эми жол акынын да кымбатташы тууралуу кабарды наарызылык менен кабыл алышты.

Студенттер:

- Биз көбүнчө троллейбуста жүрөбүз. Жол киренин 4 сом болушу, албетте, студенттерге оордук келтирет. Мурдагы акысы боюнча эле калса жакшы болмок, троллейбуска да баанын кымбатташы туура эмес го. Анткени биз иштеп, акча тапкан адамдар эмеспиз да.

- Мен ОшМУда окуйм. Атым Наргиза. Контракты да сентябрдан тарта көтөрө турган болушту, азык-түлүк да кымбат, бизге студенттерге кыйын эле болду.

Алыскы Кара-Кулжа районунан келген Мария апа да шаардагы студент балдары үчүн кымбатчылык кыйынчылык жаратып жатканын айтып, жол акынын кымбатташына каршы экенин билдирди.

- Студент кыздарыбыз, балдарыбыз бар, жол кире кымбатташына каршыбыз. Кийимине акча берем, контрагына акча берем. Азыркыдай оор шартта, жол киреге бааны студенттер үчүн көтөрбөй эле коюшса болмок.

Анткен менен маршруттук каттамдардын айдоочулары жол акыны 7 сом эмес, 8 сом кылуу керек эле дешет. Алар бул маселе боюнча мэрияга үч-төрт айдан бери кайрылып, жол акыны көтөрө албай келишкен. “Күйүүчү майга да баа кымбаттагынан айтып кейиген айдоочу Немат ага тапкан акчасы тамак-ашка араң жетип жатканын айтат.

- Эл дагы бизди туура тушунушу керек да, же бизге солярканы арзандатып беришсе болмок. 33-34 сомдон болгондо, 25 литр солярканын акчасын эсептегилечи, биздин тапкан акчабыз, курсакка да араң жетип жатат, акелер.

Ош шаарында Түштүк-чыгыш кичи районунан Манас-Ата шаарчасына чейин жүргүнчүлөр үчүн 1-троллейбустук каттам иштейт. Ал эми калган райондорго, мисалы, шаардын элинин басымдуу бөлүгү жашаган Батыш, Ак-Тилек сыяктуу кичи-райондорго бир дагы троллейбустук каттам жүрбөгөндүктөн, жүргүнчүлөр аргасыз кичи автобустар менен барууга мажбур.

Университетте 3 миң сом айлык алып иштеген жаш мугалим Жыргалбек Ажиев баалар канчалык өскөнү менен айлык акы өспөгөнүн айтат.

- Баардык нерсе кымбаттаганы аз келгенсип эми жол кире да кымбаттаптыр. Мисалы, эми жаш үй-бүлөлөр үч миң сом айлык менен кантип жашайт? Ошого жараша айлык акыны да, студенттердин стипендиясын да көтөрүш керек эле, - деди жаш мугалим Жыргалбек Ажиев.

Азыркы кымбатчылык каатчылыгы бир топ жыл мурун айылдан шаарга карай агылган жаштардын кайрадан айылга кетишине мажбур кылып, же болбосо айласыздан чет-өлкөгө мигрант болуп кетишине шарт түзүшү толук мүмкүн деп жергиликтүү серепчилер болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG